Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
7747  
25.10.2019
Сен мени издеп тапканда колумду кое бербе, макулбу? Ысып кетсем,  көлөкөңдү бер. Үшүп кетсем, кучагыңда жылыт. Тентектик жайым бар. Асылып айлаңды кетирсем, кашыңды серпип, какпа. Ашыкча эркелеп жиберсем, "Эркетайым" деп саамайыман сыла. Сыртыңды салба, сырыңды төк. Түйдөктөй түпөйүл турса көңүлүңдө жайдары жайгарып алам. Ишен мага. Түндөсү далыңды салба. Үшүйм. Корком. Бооруңа башымды жөлөп уктайын. Саамайыман сылап, жытыма кумарланып жат. Эгизиңдей көр. Ээрчитип ал. Көлөкөңө көлөкөмдү катып басайын. Түнөш үчүн эмес түбөлүккө түтүш үчүн бол. Жашоонун оорун жалгыздайм дебе. Жаныңда жардамын берген мен болом. Мен сага күлгөндү, түпөйүлдү жазганды, жашоону сүйгөндү, жалгыздап эмес жандап басканды үйрөтөм. Жашообуздун соңунда 90 го чыгып, томолонуп калганда  ыраазы болуп бири бирибизге, сүйүү оролгон өмүрүбүзгө алкыш айтып, ээрчишип, эрмектешип, Жараткандын жанына кетебиз. Жалгыз кетем дебе. Жалгыз кетирбе. Көрдүңбү, кызыктуу жашообуз бар. Сен мени күттүрбөй кел, макулбу? _____________________________________________________ Сүрөт @nurtazimphoto тарабынан тартылды. Ыраазычылык билдирем.
7708  
19.02.2020
Жандарым менин, "Катыма жооп бербейсиң. Арманымды укпайсың"- деп таарынасыңар го. Ошол тууралуу сүйлөшкүм келди. Ар бириңдин жан дүйнөңдү айыктыра турчу сыйкыр таягым болгондо ойлонбой туруп, шилтей бермекмин. Тилекке каршы, сыйкырчылыгым жок. Болгон сыйкырым - сөзүм. Көкүрөгүмө, андагы аруу сезимдерге малып анан сунган сөздөрүм, жөн эле ойлорум бар. Азыр мен изденүү, ойлонуу, жашоомду, өзүмдү жакшы жакка өзгөртүү мн алекмин. Алекмин, бирок башкаларды өзгөртүү үчүн даяр эмесмин. Ага күч, билим керек. Катыңарды жоопсуз калтырсам, кечирим сурайм. Бирок, сизге көмөк көрсөтө турчу атайы адистер бар. Аларга кайрылып көрсөңүздөр болот. Өзүңдүн үстүңөн иштеген сонун нерсе! Көзүбүз дайым сыртта. Сырткы дүйнөнү аңтаруу мн алекпиз. Бирок ошол көздү ички дүйнөгө, өзүңдүн жеке дүйнөңө каратып, ошону аңтаруу, жыйноо, таануу мн алек болгонубузда эчак бактылуу болот белек?! Анткени бакыт биз издеген сырткы дүйнөдө, башка адамдарда эмес. Ал ичибизде катылуу. Мен кайрылган мыкты адамдарды белгилеп койдум. Балким силерге да жардамы тиер. " Акчасы көп экен. Кымбат экен"- деп шылтоо издебей, өзүңө, өзүңдүн бактыңа, өсүшүңө, билимиңе салым кош! ЭЛ АРАЛЫК КОУЧ, ТРЕНЕР, ЖАШООГО МАШЫКТЫРУУЧУ - @maksat_muktarov, ПСИХОЛОГ @daniyar.chormoshev , ПСИХОЛОГ @altyn.rysbekova , ТРЕНЕР, КОУЧ @ryskulova.aksana Ушул адамдардын сабагына катыштым. Мага жардам берди. Силерге да пайдасы тиер. "Телефонун, дарегин жаз. Чайнап эмес жуткуруп бер" дегендер, ар бир адамдын белгиленген баракчасына кирип, өздөрүнө кат жазганга дараметиңер, акылыңар жетет деп ишенем. Баарыңарды жакшы көрөм. ♥
7664   279
19.04.2020
Кыздар, бактылуу болгонду үйрөнөлү, ээ? Өзүбүздү өзүбүз бактылуу кылганды үйрөнөлү. Биз бактысыз болсок, балдарыбыз, жолдошубуз, тегерегибиз да бактысыз болоорун унутпагыла. Анан бирөөдөн көз карандысыз бактылуу болгонду билиш керек экен. Жолдошубуздан, балдарыбыздан, башкалардан сүйүү күтүп атып эле бактысыз боло берет экенбиз. Бактылуу жана сүйүктүү болуш үчүн эч кимдин кажети жок. Ошону аңдоо кажет. Ичибиз бош болсо, жаныбызга эч ким жолобойт. Эркектер, балдарың эмнеге качат сенден? Боштук бар ичиңде. Берейин десең бере турчу сүйүүң, мээримиң, бакытың жок. Сенин жаныңда үшүйт, ачка болот. Физикалык жактан эмес руханий , моралдык жактан. Комплекстерди жоюп, өзүңдүн үстүңөн иште. "Мени таштап кетти. Ойнош күтүп кетти!" деп бырылдап , арманыбызы аттын башындай болуп, ыйлайт экенбиз. "Эмнеге таштап кетти? Менден эмне күнөө кетти?" деп абай салган эч ким жок. Биз байкуш болуп, курмандык болгонду, эл сооротушун, эриңди жамандашын каалайбыз. Тартып кеткен аялды жек көрөбүз. Биз өзүбүздүн ал эркекке эмнени бере алган жокпуз деген катабызды аңдабайбыз. Бүтүн дүйнө күнөөлүү , өзүбүз эмес! Турмуш курганда көбүрөөк сырткы дүйнө мн алек болуп калып, ички дүйнөбүз, өзүбүз унутулуп калат экен. Так эле ошол чоң катабыз. Жолдошубузду, балдарыбызды, кайын журтту, көр тириликти алдыга чыгарып жиберебиз. Бизде боштук калып калат. Биринчи өзүңдү сүйүү, мээрим, көңүл мн толтур, тойгуз. Сен аялсың! Сенден баары тамактанат. Сен бактылуу, жылуу, мээрим толо болуп, жайнап турсаң, жаныңдагылар автоматтык түрдө ошондой болот. Жаныңан чыккысы келбейт. " Өзүңдү бактылуу кылганда гана турмуш кур" дегеним ошо. Өзүңдү сүйүүгө ден соолукка кам көрүү, сырткы келбетти алып жүрүү, бакытка тунуу, сүйүктүү ишиң мн алек болуу, жүрөктүн каалоосу мн эсептешүү, билим алуу, өзүңдү өстүрүү, өзүңдү тарбиялоо, өзүңдү сыйлоо ж.б кирет. "Кайын журтум начар, күйөөм тигиндей, балдарым карабайт " дегенден мурун күзгүгө каранып, мен андай мамилени, андай бактысыздыкты эмнеге күтүп атам? Демек, мандем менде дегенге кудуретибиз жетсин! Эмнеге татыктуу болсок, ошону алабыз! Унутпаңыз!♥ #жөнэлеойлор
7650   181
05.05.2020
Адам баласы коркунучту тааныйт. Тааныганда дагы жазбай тааныйт. Коркунуч мн жаралып, коркунуч мн жашап, коркунуч мн өлүп атсак, тааныбай анан? Сүйүү өгөй сындуу. Билесиң, бирок сезбейсиң. Аны көп айтаарсың балким, бирок даамдап көргөнү, сүйүүдө төрөлүп, жашап, өлгөнү аз. Жокко эсе. Сүйүү эмес жан дүйнөдө коркунуч байырлаганы үчүн төрөлгөндө ыңаалап ыйлап, ызы чуу салып, коркуп келебиз. Сүйгөндө да жоготуп алсакчы деп коркунучка жамынып алып сүйөбүз. Балабыз төрөлгөндө да өзүң көргө эле көмүлүп калып тынчыбасаң, өмүр бою балаңдын үстүндө титиреп, коркунуч сыйдырып жашайсың. "Ден соолугу жакшы болсо экен. Аман болсо экен. Жакшы эрге, же жакшы аялга жолукса экен" ж.б. коркунучун сыйдырабыз. Эртеңибизден коркобуз, Кудайдан коркобуз, уятыбыз чыгып калып, ашмалтайбыз кетет деп коркобуз, жалганыбыз чыгат дейбиз, өлүп кетиштен коркобуз, элдин сөзүнөн, жада калса, мончок, тумар тагынып, көзүнөн коркобуз. Ачарчылыктан, же байлык топтоп алып жоготуп алыштан, алданып калыштан, сатып кеткенден, сүйүп калыштан, же жападан жалгыз калыштан коркобуз. Караңгыдан басыштан, уурдатып ийиштен, төпөш жештен, кээде сүйүнгөндөн, жыргагандан, жакшы күндү көрүштөн да коркобуз. Жакшынын артынан жамандык келсечи дейбиз. Коркобуз биз. Ата - энеңден,.бир туугандан, эриңден, аялыңдан...ж.б. көңүлүн калтырыштан, маанайын бузуп алыштан, тил угуштан, жаман көрүнүп калыштан, туура эмес таанылып калыштан коркобуз. Сүйүүнү каягына кыпчыдык? Сүйүү, ырахатка батуу, жыргоо, жакшы көрүү, жайдары болуу жокко эсе. Аларды өзүбүзгө ыраа көрүштөн да коркобуз. Коркунуч бар жерде сүйүүгө орун жок экенин билбейбиз. Эки көйнөктү кийип алган сыңары эки сезимди бир убакта сезүү мүмкүн эмес. Биз дайым коркунучту тандайбыз. Ал сезим мн жашаштын ыңгайын таап алганбыз анткени. #жөнэлеойлор
Загрузка...
7560   415
28.03.2020
Баарыбыз артиспиз. Коомго ойногонду, калп күлгөндү, жагынганды, түрлөнүп, кубулуп турганды турмуш бизге сонун үйрөттү. Ички дүйнөбүздү кой, ал тургай сырткы көрүнүш да жасалма! Жашаганыбыз да , сезимибиз да жасалма! Сүйбөй туруп, сүйгөндөй түр көргөзүп, жакпай атса, айла жок жактырып, сүйүп өлүп атсак да зымырайып, билгизбей, каалап атсак да, каалабай, каалабай жатсак, кааламыш болуп, деги койчу, кайсы бирин айтайын? Ал нерсеге ушундай көнүп алып, чыныгы сезимди чыгарышты уят көрөбүз. Кайран гана жан дүйнө! Калпыбызга чыдай берип, кыйналдың го, ээ? Чарчап кеттим. Жалгандан, калптан, жасакерликтен, жасалмалуулуктан... Бала кезден баштап, акыл - эс киргенден тарта ойной баштайт экенбиз. Момпосуйга жетиш үчүн, ата - энебизге жагыш үчүн , алардын көңүлүн оорутпаш үчүн башталат алгачкы кадамдар. Анан кантип кубулма болуп кеткениңди түшүнбөй калат экенсиң." Мен андай эмесмин" дейсиңер алгач. Бирок терең кирип көрүңүз ички сезимиңизге жашооңуздун канча пайызын башкаларга жагыш үчүн, канча пайызын өзүңдүн көңүлүңө жагыш үчүн жасадың? Коркобуз чыныгы жүзүбүздү, каалообузду көргөзгөндөн. Башкага жакпай калсак кантебиз дейбиз да. Чынчыл болгум келди. Боегу жок жүзүмдү, боегу жок жан дүйнөмдү көргүлөчү! Жан дүйнөм жылаңачтансын! Өзөгүн көр. Бирок ал нерсе сага жагабы, жакпайбы мындан ары ишим болбойт деп чечтим. Мага жакты! Чыныгы Назира жакты! Калп айтпаган, публикага ойнобогон, жакшы же жаман көрүнөм дебеген, өзүн сүйгөн, кабыл алган Назира жакты. Сулуу көрүнөсүңбү, түрү суук көрүнөсүңбү, жакшы кийим киесиңби, жаман кийим киесиңби, кедейсиңби , байсыңбы мааниси жок. Болгонуңдай көрүн. Көрүнгөнүңдөй бол! Коркпо! #жөнэлеойлор
7411  
21.10.2019
Апам "Кыздын бактысын көп тилейбиз, бирок уулдукун эмнегедир бейкапар алабыз. Уулдун да бактысы болот. Жакшы жубай жолукса экен деп тилеп туруш керек",- деп көп айтат. Ар бир жазган постумда аялдардын, кыздардын таламын талашам. Анткени дүйнөлөрү мага тааныш. " Биздикин качан талашасың?" дейт айрым мырзалар. Мен тамашалап, - Аябай кордук көрүп атасыңарбы?- дейм. ) Талашайын дейм. Тилим кыска. Бирөөнүн кыйраткан жубайы болсом, дитим бармак, тилим өтмөк. Ошентсе да, бир турмуштун көргөн келин катары жана ага - инидердин арманын жууруп отуруп бул эрежелер чыкты: 1. Эркек намыскөй келет. Намысын чукуп, басынтпа. Анткен сайын эркек чүнчүйт. Адарга мактоо жарашат. Бир мык түз кагып койсо, мактап койсоң, дардактап, экинчи мыкты каккысы келип калат. 2. Эриң иштен келгенде, кабак - кашың бүркөлүп турса, качкысы келет. "Кайда жүрөсүң??" суроосунун ордуна тилиңди тишиңдин артына катып туруп, тамагын бер. Алардын курсагы тойгондо сүйлөгүсү келип калат. Анан баардык сурооңо, жооп тапсаң болот 3. Ал ачууланып, ашатып атканда унчукпай кутул. Отко май чачпа. Жини тараганда, маанайы беште бултукта - тултукта, эркеле! Любой жеринен чыгара бер. 4. Эркектин эң жек көргөнү анын телефонун чукулаганың. Телефону анын дүйнөсү. Жеке дүйнөсү! Өтө эле көзөмөлгө алып, телефонун башыңа кийе берсең, аны урматтабаганың, ишенбегениң. 5. Кызганыч! Сонун мамилеге жарака кетирет. Өзүнө ишенбеген, өзүн сыйлабаган, комплекси бар адам гана кызганат. Өзүнүн мыкты, алмаштыргыс экенин билген адамдын жан дүйнөсү тынч. 6. Эркектин кийими - аялдын тың же тың эмес экенин көргөзөт. Бырышып - тырышып турса, сөз түз эле сизге тийет. 7. Элдин көзүнчө эркегин каккан аял - акылы жок аял. Өзүнүн акылсыз экенин гана көргөзөт. Тоо урап атса да, көйгөйүңдү үйдөн сүйлөш. 8. Эркек доңуз сындуу сиздин оюңузду жонунан билбейт, же көзү ачыктык, алтынчы сезими мн туюу сындуу сезимдери жок. Так, даана, ачык айт эмне каалап атканыңды. Намегуң балтайып турса да түшүнбөйт. Ошон үчүн: "Гүл берип тур", "Комплимент айтып койсоң болот", "Бүгүн башка бутум мн туруп алыптырмын урушкум келип атат". "Мен урушам сен чыдап тур. Эркелегим келип атат" ж.б. деп эле балтайта айт! Алар түшүнөт деп отура берсең, кылым алмашат.
7334   190
16.03.2020
Физикалык жактан эркин болгонуң сенин толук кандуу эркиндигиңди түшүндүрбөйт. Башкага жакшы көрүнүү, жакындарңдын көзүндө үлгүлүү болуу, сүйбөгөн жумушуң, каалоосуз курган турмушуң, эрежелер, милдеттер ж.б. Биз баамдабаган, капарга албаган канчадаган капас бар?! Жан дүйнөңдүн эркиндигин кишендеп, тузактап, чүлүктөп, зордоп, кыйнап жашайбыз. Тозокту бул жашоодон баштайбыз. Куурап, эркиндиктин канатын кыркып, зынданга тыгып жашасак, бейиш келет дейбиз. Дейбиз, бирок жаңылабыз. Үшкүрүк, өкүнүч толтурган изди калтырып жөнөйбүз. Тушалып алып, узун жолдо барабыз. Бизди тушаган нерсени кесип салуу, алып салуу, кенен - кенен арыш жасоо ою эмнегедир мээбизге келбейт экен. Көнүп калганбыз анткени. Туурасы ошол экен деп ойлойбуз. Боз, кара өңдөн дагы түстүү башка өңдөр бар десе, кызыл чеке болгуча кырылышабыз, урушабыз, сөгүшөбүз. Көнө келсе, чабышабыз. Боз өңдү далилдейбиз. Түстүүсүн жокко чыгарабыз. Каапыр, жаңылыш, ката өң дейбиз аларды. Байланган жашоодо ыңгайыбызды таап алганбың. Өзгөргүбүз да, өзгөрткүбүз да келбейт. А кокус бирөө аракет кылса, чокудан ары бир коебуз, же барылап төпөштөйбүз. Көзүбүздү ачкан адамды жек көрөбүз. Кызыкпыз биз.... #жөнэлеойлор
7321   237
20.03.2020
1. Уникалдуу экениңизди билиңиз. Сиздей башка жок. Кумир тутуп, бирөөнү туурап жашап атсаңыз демек, мандем бар дегендик. Балким сиздин жашоо туурадыр жана эң сонундур. Бирөөнүкүнө суктанып жатканда өзүңүздүкү бекерге өтүп жатканын билиңиз. 2. Өзүңүздү кемчилигиңиз, артыкчылыгыңыз мн кабыл алып, сүйүңүз. Башка бирөөгө жагынуунун кажети жок. 3. Өзүңүзгө жогорку бааны коюңуз. Өзүн баалаган адам эч качан кемсинбейт, дардактап да кетпейт, чөкпөйт, көппөйт дагы. Юир кадыпта жүрөт. Өзүнүн мыкты, бактылуу экенин өзү билет. Башка бирөөгө тастыктоонун, далилдөөнүн кажети жок. 4. Мактанчаактык - пастыгыңыздын белгиси. Башка бирөөнүн көзүндө өзүңүздү бийиктеткиңиз келип жатат. Анткени жан жүйнөңүздө өзүңүзгө берген баа өтө төмөн. Комплексиңиз бар. 5. Наалый берген адатыңыз болсо, жашоодо курмандык болуп жашаган жагат. Наалып атып бирөөнүн энергиясын соргонду жактырасыз. Сиздейден адамдар кача баштайт. Аны билиңиз. Наалуу мн жашооңузду наалыгандай кылып жасап аласыз. 6. Мүнөзүңүз корс болсо, кызыл камчы болсоңуз , бирөөнү сабаганды жактырсаңыз анда да ойлонуңуз. Жүрөгүңүздөгү жараларды айыктырыңыз. Коркок, назик адам коргонуш үчүн балким тишин көргөзүп жаткандыр. Өзүнө берген баасы төмөн үчүн башканы төмөн түшүргүсү келип аткандыр. 7. Эмоцияны жашырбоо уят эмес. Сүйүп жатсаңыз, ачык эле билгизиңиз. Сүйүү анткени сонун сезим. Ыйлагыңыз келип атса, ыйлап алыңыз. 8. Кур намыстан арылуу кажет. Кекирейүү, менменсүү жакшы сезим эмес. Жөнөкөй жүрүү, жөнөкөй унаа айдоо уят эмес. Бирөөнүкүн урдоо, жаман жол мн акча табуу - уят. Эл көзүнө "крутой" көрүнүп, ары жагыңда ыштаныңыз жыртык болсо, кандай кордук?! Андан көрө эл көзүнө жупуну болуңуз бирок курсагыңыз ток, кийимиңиз бүтүн болгону дурус. 9. Бирөөнүн оюн ээрчибеңиз. Ээрчиме болбоңуз. Бир жолду тандаардан мурун көп жолго көз салып, окуп, сурап, салыштырып көрүңүз. Чечимди жүрөгүңүз мн жасаңыз. 10. Билим алыңыз. Бир жааттуу болбосун. Ар тармакты тытып көрүңүз. Акыл калчаңыз. Ар кимдин оюн сыйлаңыз. Өзүңүздүн оюңузда да бекем болуңуз. #жөнэлеойлор