Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
7278   249
02.01.2020
Идеалдуу деген түшүнүктүн өзү жашабаса керек. Бүтүн дүйнөгө төрт тарабы төп келип турса да, менин дүйнөмө төп келерин кайдан билем? Менин дүйнөмө сыйган башкасына ашып түшөр, же жетпей калар. Эл айткан, алар чийген идеалдуулукту кууп жүрүп, көңүлүңдөгүнүкүнөн кур калуу жаман. Бактысыздык. Өмүр бою чактап, чак келиши үчүн өзүңдүн көзүң менен эмес элдин көзү менен кароого туура келет. Менин идеалдуу дүйнөм эң оболу көкүрөк дүйнөмө туура келсин. Ырахатын, жыргалын өзүм көрөм. Сырттан карагандар балким түшүнбөшү ыктымал, сын айтып, таш ыргытып, соттоп, чийгилеп, сызып, жаратпашы мүмкүн. Бирок ал менин дүйнөм. Аны мен көзүмдүн карегиндей сактап, коруп, башкалардын үстөмдүк кылуусуна жол бербей, көнө келсе, аалам каршы чыкса да, каршы туруум кажет. Меники, мага майдай жакканы, көңүлүмө чак келгени - кымбат! Баарынан кымбат. Чечимиңдин артында тур! Ооп кетпе, тарттырып жибербе, тизгини карматпа! Өзүңдүн дүйнөңдү өзүң жарат, өзүң кооздо, өзүң автор бол! #жөнэлеойлор P.s. Менин өйдө - ылдыйым, кемчилик - артыкчылыгы бар дүйнөм кимдир бирөөнүн дүйнөсү үчүн идеалдуудур! ____________________________________________________ Жашоомо эмес жүзүмө гана сүрөт тарттырганга уруксаат берем! Сулуу кыздын сүрөтүн тарткан визажист сиңдим @aigera__vizazh колуң дарт көрбөсүн! Бактылуу бол!
7223  
26.09.2019
Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин окуу жайлары мыкты деп билем. Анткени өзүм окугам. Эл аралык "Ататүрк Алатоо" Университетинде окуп жүргөндө терең билим алдык. Сынак тапшыруу оңой - олтоң эмес, бир топ машакатуу эле. Пара мн бүтүрүү, кыргызча сүйлөшүп алуу жок. Күнү - түнү окуйсуң. Университетимдин жылуу атмосферасы, бир туугандык мамилебиз, башкача тартип жүрөгүмөн түнөк тапты. Андай чөйрөнү, андай жылуу ата - энелик мээримди башка жактан жолуктура алган жокмун. Көп жыл өтүп, мага тааныш дүйнөгө уулумдун да сүңгүшү сыймыктандырып турат бүгүн. Көкүрөк толо сыймык! Балаңа дүйнөнүн мыктысын каалап, каймагын иргеп бергиң келет экен. Тапкан - ташыганымды уулума чаптагым келип турат. Билим жана сүйүүм - сага бере ала турчу эң чоң белегим, колуман келген эң чоң жакшылыгым! Идиректүү болуп, илип кетсең экен! #gramotei #sapat
7214   252
22.01.2020
Бирөөнүн турмушуна кейийбиз, кепчийбиз, кеңеш беребиз, кийлигишебиз, жектейбиз, жек көрөбүз, наалат айтабыз. Миң анткен менен турмушунун жүгүн өзү көтөрүп баратат да ал шордуу. Кара терге түшүп, кабыргасы майышып, тиштенип, миң аңга түшүп, аңдан чыгып, жаңылып, жазып, жаза басып, жайдак басып... Баарыбыздын бул жалганда көтөрө турчу жүгүбүз бар. Бирөөнүкү жеңил чыгар, бирөөнүкү ат көтөргүс. Бири бирибизге миң жөлөк болуп, бул турмушта жүк көтөрүшкөн дос, тууган, жакыны болбойлу, Жараткандын алдына жүгүң мн жалгыз чыгаарың анык. Эсебибизди берип алдында жалгыз тураарбыз. Кимибиз баш шылкыйтып...кимибиз типтик туруп...Ошон үчүн бирөөгө сөөмөй кезеп, бирөөнүн айбын айтып, бирөөнү сөз кылып, үстүртөдөн карагым жок. Үстүртөдөн кайсы арыма карайм? Үстүмдө жүгүм турса... "Адамдарды катасы менен кабыл ал" деди турмуш. Кабыл алдым. Шыпшынып, шекшинсек да жөн гана ар бир адам өз оозыйпасын аткаруу менен алек. Андан көрө өзүң менен алек болуп, өзгөнү коюп, өзүңө көмөк бол.... #жөнэлеойлор
7172   690
07.04.2020
Стереотиптер( аң сезимде калыптанып калган эрежелер, адаттар) 1. Жыйырмадан ашаарың мн бүлө курушуң керек. 2. Эрге тийип, же аял ал! Сөзсүз! Жалгыз жашаганга укугуң жок 3. Турмуш кураарың мн эле бала жасаш керек. Тогуз айдан кийин эч ким төрөлбөсө, таяк жейсиң. А кокус, жети айлык болуп калса, точно "залет" 4. Келин бүүүүүт жумуштун баарын жасап, тамак даярдаш керек. Чарчаганга, уктаганга, эс алганга укугу жок. Даже өлгөнгө да уруксаат берилбейт. 5. Келин үн чыгармак түгүл, жел чыгарганга акысы жок. Тем более өз оюн айтпаш керек. Анын ордуна ал кандай кийинет, окуйбу же окубайбы, иштейби же жокпу, канча жолу кайсы интервал мн төрөйт баарын улуулар жана күйөсү чече алат. 6. Өзүнчө бөлүнмөй жок! Кыялданбай эле кой! 7. Кичүү бала, же жалгыз бала мал багып, үй жай карап үйдө калат. Ага окууну ким коюптур? 8. Жашоодо ким болосуң, каякта иштейсиң, кимди алып, кимге тиесиң анын баарын улуулар чечет. Сен али жашсың. Туура эмес тандап алышың ыктымал 9. Ачык кийингендин баары эле бузулган неме 10. Оюңду ачык сүйлөй алсаң, тартиби жок немесиң. Азырынча акылыма келгени ушул. Кошумчалаңыз. #жөнэлеойлор
7101  
20.10.2019
Көптөөөн бери "желмогуз" кыздын бет кабын кийе элекмин. Бет кабымды берип койгулачы???? Ичимдеги назик, ыйлаак, ак көңүл кызды терең жашырып, сыртынан желмогуз кыздын элесин кийдим. Аруулук бааланбайт. Тазалык тебелендиде калат анткени. Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө! Жинди кыздын образында жүргөндө сөздөрүңөр катуу тийбейт. Эч ким менин көңүлүмдү кирдете албайт. Мен бирөөнү ыйлатышым мүмкүн бирок мени ыйлата албайт. Жаман кыз мени коргойт. Сыртымдагы ошол стерва болбосо, сындырып кетмек мени эчак. Жумшактыгым, назиктигим тикенектин алдында жашынсын! "Бет кабыңды чеч. Чыныгы өзүңдү көрсөт!" деди эле мени жакшы тааныган бирөө. Жаман экен бет капсыз, жылаңач жүргөн. Үшүп кеттим. Денебизди түрдүү көйнөктүн алдына жашырган сыңары жан дүйнөбүздү түрдүү бет каптын артына жашырат экембиз. Өзөгү чириктер сулуу көрүнөт. Өзөгү сулуулар түрү суук көрүнөт. Ким кандай өзөгүн жашырып жүрөт кеп ошондо... #жөнэлеойлор
7086  
03.10.2019
Бөйрөктү таянба деди эле энем. Энем айткан канча сөз кулак сыртынан өттү. Канчасы канга сиңди, кулакка күмүш сырга болуп илинди, канчоосу Балыкчынын шамалы менен ойноп кетти. Уңгусу турат бирок. Кагылып калган казыктай, өзөктө жатат. Кеп энем жөнүндө деле эмес. Кеп чаржайыт болгон ойлорумда, өзүмдө. Шаркырап аккан шаардын шарданына агып кетип эле өзүмдү, өзөгүмдү таппай калган өзүмдө. Буркан - шаркан түшүп баратып, өзүңө келсең, өзүңдөн качан эле алыыыс чыгып, алапайыңды таппай бараткан болосуң. Тык токтоп, " Мен киммин?", " Кайда баратам?", " Максатым эмне?", " Жашоодон эмне каалап турам? " десең эле жообу жок боштук чыга келет. Аңырайган боштук. Жандалбастап артыма кылчаям. Жок дегенде калтырып жаткан изимден бараткан жолумдун уучугун табаттырмын дейм. Кыйратып эле жаткансыйм. Бутум бутума тийбей, безеленем . Териштире, сүрүштүрө келгенде эле эптеп - септеп, элдир - селдир бир дөңгөлөктү сүйрөп, өлбө жаным өлбөнүн аргасы менен жүрүп жаткандайсың. Колго илешкен, көкүрөк керип, купулуң толуп, сыймыктана " Ушуну мен кыйраттым!" деп кыйкырайын десең эле таш балекет жок. Мен бул дүйнөдөн көчүп кеткенде менден жакшылык калыш керек. Өзүмө эле жарык тийсин эмес бүтүндөй адам баласына тийсин. Жөөөн эле элдир - селдир көптүн бири болуп, боз топуракка көмүлгүм жок. Ошол улуулуктун, ошол чоң жарыктын учун издеп жүрөм. Аны тапмайын көкүрөккө эмне орнотсоң да каңгырап, бош калгансыйт... #жөнэлеойлор
Загрузка...
7068   146
03.03.2020
Эң эле таза дүйнө жаныбардардыкы. Алар бирин бири коргойт, аяйт, кол салбайт, жек көрбөйт, бут тоспойт. Биздей уу тилин салып, найза кылып, жүрөк тушка урбайт. Алар жөн гана бар. Жаратылыш вибрация аркылуу бири мн сүйлөйт. Жаныбарлар сезим аркылуу сүйлөшөт. Тили жок бири бирин түшүнбөс керек дейбиз. Жок, дебейбиз дагы. Анткени алардын дүйнөсү мн эсептешүү жок. Үчүнчү көзүбүздү жаман ойлор мн, көкүрөк көзүн жаман сезимдер мн көмүп койгомбуз. Жинди иштерди кылганыбыз, туура эмес жолду тепсегенибиз, тетири басканыбыздын себеби ошолдур. Сыйынганда, Жаратканга жалынганда кечирим сурайбыз. Кечиребиз. Оюбузду тазартабыз. Ошон үчүн Жаратканга жакындаганда жүрөгүбүз тынчыйт. Көп нерсени көрүп, уга баштайбыз. Пенделиктен чыгабыз. А жаныбардар дагы, жаратылыш дагы дайым таза. Алар биз жоготконду жогото элек. Аларга жакын болуу, жуурулушуу - тазалык, аруулук мн жуурулушуу. Ошон үчүн элет жергесинин адамдарын булгана элек дешсе керек. Жаныбарлар мн көкүрөк аркылуу суйлөшкөндү, туйганды билет. Эртеңки күнү сени " колхоз" десе бирөө, сонун комплимент катары кабыл ал. "Таза бойдонсун" дегендик. #жөнэлеойлор #аруулануу
7050   234
25.05.2020
"Кой, көңүлүн оорутуп албайын!", "Кой, туура эмес түшүнүп калбасын!", "Жаман көрүп калат!" ж.б. ушул сыяктуу сөздөрдүн артына жашынып алып, сезимдердин баары көмүскөдө көмүлүп кетет. Бир күнү урушуп кеткенде толуп калган ириңди анан бетине жаба - жаба кусабыз. Алдын ала сүйлөшүп, чечишип алуу деген бизде жок экен. Баары жакшы деп жымсалдап жүрөп берип, чындыкты айтканда көтөрө албай көтөрүм болуп өлүп калабыз го. Катасын моюнуна алып, башын шылкыйтып, "Ооба, айып менде экен. Ошону оңдоп коеюн!" деген киши көрдүңөр беле? Жок ой! Бирөөнүн кемчилигин, туура эмес жерин, катасын айтып көр! Беттен алып, өпкөңдү үзүп, башыңды жулуп, колуңа карматат. Анткени тээ баштан ачык айтып көнгөн да, көндүргөн да эмеспиз. Комплекс көп бизде. Ар бир адамда бар. "Уят өлүмдөн катуу", "Намыс" дегенди кур намыс ж.б.деп түшүнүп, дозасын ашырып колдонуп алышкан. Безге сайгандай безилдейбиз чиркин чындык мн беттеше албай...бөтөнгө чыгармак түгүл, өзүбүз өзүбүзгө да айткандан, ачыкка чыккандан коркобуз. #жөнэлеойлор
6945   226
06.03.2020
Бул кишинин көңүлүнө жагыш кыйын. Оңой мн жүрөгүн ачпайт. Бир адамды киргизсе, чыгармагы тозок. "Капризная" дейт мындайды. Бут кийимди да оңой мн табышым чатак. Чак келбей кууратат. Көңүлгө да чак келбей убарамын. Жеке жашоомдо "генеральная уборка" жүрүп жатат бир жумадан бери. Минимализм жүрөктө да болушун каалайт экенмин. Калп эле үмүт берип, баш ийкеп, санын көбөйтүп ээрчиткенди сүйө бербейм. Үйгө да кереги жок оокатты, орун ээлетип, тургузгум келбейт. Табит мн орду мн болуусу абзел. Шам - шаркыттык, ашыкчалар менин табитим эмес. Көп кишини "патырата" кара тизмеге киргиздим. Энем айтмакчы "Жөнү жок жүрөктөрүн ушалабайын." Кулак - мээ тынчып калды. "8 - марттан кийин деле уборкаңды кылсаң өлөсүңбү?" дейт ичтеги алдым - жуттумдун үнү. Уятым айтат,- Жеңилдеп калдым. Тынчтык кандай керемет?! #жөнэлеойлор Фотограф: @djanjyldyza
6830   98
13.05.2020
Татарстан. Казань. Түрк дүйнөсүнүн журналисттер курултайына мүчө болуп катталган кез. Түрк дүйнөсүнүн өкүлдөрү чогулганда бири бирибизди таап алгандай, дүйнөнүн төрт тарабына тагдырдын буйругу мн үзүлгөн шурудай чачырап кетип, жипке кайра тизилип, башыбыз биригип аткандай сүйүнөөүз. Баарыбыз бир ата, бир энеден тараган бир туугандай сагынышып көрүшөбүз. Тилибиздеги окшоштуктар, уйкаштыктарды издеп, салыштыруу башталат. Ар ким өз өлкөсү тууралуу дилгирленип айтып, тарыхын, таржымалын тасмал кылып жая баштайт. Кайсы гана конференция, кайсы гана курултайга , фестивалга барбайын казак, өзбек, кыргыз табышып алабыз да үч козудай ээрчишип жүрөбүз. Кээде коңшуларыбыз мн таарыныша кетмей жайыбыз болоттур, бирок алыста дайым биргебиз. Кадимкидей колдоп турабыз. Казань сулуулугу, тазалыгы мн эсте калды! Түндөсү жаштар уктабайт экен. Анткени аларды кайнаган жашоосу башталат. Супсулуу кыздары, жигиттери жасанып чыгышып, таанышуу, пикирлешүү, махабат башталат. Көп өлкө кыдырдым. Татардын сулуу кыздары гана өңгөч тарттырды. Тамагынан гана бир аз кыйналдым. Фри картошка, лагмандын камырындай кесме көп жешет экен. Орустардын тамагы үстөмдүк кылганын байкадым. Улуттук тамак катары кадимки эле биздикиндей быжыга окшош ичеги карындан жасалган тамагы келди. Волганын сулуулугу, имараттардын тарыхы, тазалыгы эсте калды.