Нуржигит Кадырбеков
@nurzhigit_kadyrbekov_official
Нуржигит Кадырбеков

Подписчики: 200473
Посты: 470
Подписки: 52
- КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Коомдук ишмер, акын, жазуучу Суроолор боюнча @dooron_kubatbekov'го DIRECT❌
https://www.youtube.com/channel/UCXc5HafUIbB1P_Z3ebGbBZw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
9468   190
03.05.2020
“Бул эмне?” деп сурайттырсыз. Бул “Бир гана Сенсиң” китеби. Брайль деп аталган тамгалар менен көзү көрбөгөндөр үчүн чыгарылды. Жамалидин деген көзү азиз жигит бар. Китептериңиздин электрондук вариантын жиберсеңиз, брайль тамгаларына өткөрмөкмүн деген. Бат эле даярдап коюптур. Жараткан жарык дүйнөнү көз менен көрүү мүмкүнчүлүгүн бербей сынаган асыл пенделер да китеп окуп жатышат. Мээнет кылып манжаларынын учу менен окушат экен. Ошончо тамганы тери менен сезип үйрөнүштү айт... Окуган бир кыз китеп жөнүндө пикирин видео аркылуу жибериптир. Угуп көзүмө жаш айланды. Эки көз деген кандай чексиз бакыт. Ушундай улуу бакытты көрбөй үйдө туз кемисе ошого кабак чытып, кыжалат болобуз. Шүгүр дегенди үйрөнөлү! Канчалык көп айтсак, ошончолук өзүбүзгө жакшы. Анан китеп окуйлу. Кайран көздөрдүн нурун соткадагы ботколорго коротпой, пайдалуу китептерди таап окуп, акысын берели. Ушул көзү көрбөгөн азиз бир туугандарыбыздын аракет-мээнети ар бирибиз үчүн өрнөк болушу керек. 3-май, 2020-жыл
6136   180
08.03.2020
Сүйүү жөнүндө, эне, жөнүндө, жубай жөнүндө ырлар толтура экен. А бирок, аялзаты тууралуу ырлар жокко эсе тура. Ошону ойлоп, үч күн мурда ушул саптарды шилтедим. Чындап эле аялзаты бар үчүн – өмүр көчү уланып келет. Ойлосоңуз, эгер жер шарындагы жети миллиард элдин баары эркек болсо, жүз жылдан кийин ким кылат? Сыйлайлы, кадырлайлы, сүйөлү, аяйлы. Бирок, жаздын бир жаркын күнүндө эле эмес, жылына 365 күн!!! Майрамыңыздар менен, асылзат аялзаты. #АЯЛЗАТЫ Аялзаты – кут, береке булагы, Аялзаты – маанай таңы, чырагы. Адамзатты жеңиштерге сүрөгөн, Ар намыстын, ийгиликтин урааны. Аялзаты – жашообуздун ырысы, Жан бүткөндүн мээримдүүсү, сулуусу. Күн суукта мештей жылуу, ысыкта, Ак жамгырды алып келген булуту. Аялзаты – ыйык эне, асыл жар, Ал бар үчүн адамзат бар, өмүр бар. Гүлсүз шалбаа, мөңгүсүз тоо сыяктуу, Аялзатсыз жашоо супсак, дүйнө тар. Аялзаты – көңүлдөрдүн шаттыгы, Аялзаты – мырзалардын марттыгы. Аялзатка бакыт сунган азамат, Өзү болор эки дүйнө бактылуу. Аялзаты – бөбөктөрдүн бактысы, Аялзаты – эргүүлөрдүн ачкычы. Аялзатын туудай тутуп кадырлайт, Ааламдагы мырзанын эң жакшысы. 08.03.2020
6864   177
11.04.2020
ЖҮРӨК жана ТЕЛЕФОН Кээде чөнтөк телефонумдун бети шире же май болуп кирдеп калганын көрөм. Кичинекей кыздарым мындай кымбат буюмду момпосуй жеп шире, эт ууштап май жуккан колдорун жууп анан кармоо керек экенин кайдан билсин? Кир болгон телефонумду жакшылап тазаламай сайын көңүлүм жайына келбейт. Аны түзүктөп максаттуу колдоно да албай, ичтен жүдөй берем. Жакаң бир аз карарып, кийимиң болор-болбос булганып, минген унааңа ылай чачырап, компьютериңдин мониторун чаң басып, төшөгүң жыйылбай, дасторконуң жыйналбай, үйүң бытырап, корооң чачылып, керек болсо чокоюң майланбай турса деле ошол акыбал: башка ишти астейдил кылууга көңүлүң чаппай, көөдөнүңдү кандайдыр кыжалатчылыктын туманы басып, оюң онго, санааң санга чачырап, өзүңдү рахатсыз сезе бересиң. Бирок, бул маселе эмес: бир аз убакыт бөлүп, аракет кылсаң кир жуулат, чачылган жыйналат, ылай тазаланат, жакаң агарат. Чыныгы көйгөй – бул жүрөктүн, жан дүйнөнүн кирдеши. Кайдагы жоголчу, сынчу, чиричү, эскирчү, ары бассаң артыңда калчу, көздү жумсаң көрүнбөчү, жаңылоого, алмаштырууга, керексиз кезде ыргытып жиберүүгө боло турган буюм-теримдердин кири ошончо мазеңди алса, өмүр өткөнчө бир көз ирмем тынбай айланган каның менен кыбыраган жаныңдын кызматын кылган, ойлоруңдун, ниеттериңдин, пикирлериңдин, амалдарыңдын булагы жана уясы болгон, дене менен рухтун падышасы - жүрөктүн булганышы жашооңду кандай жабыркатып, заманаңды кантип заң-зуң кыларын элестетип көр. Аны буюм сыяктуу самын, айна жана суу менен тазалап жибере албайсың. Алмаштыра койгудай же машиненин дөңгөлөгү сыяктуу кошумча пайы жок. Килем, кийим, көлүк жууган техникалардай жан дүйнөнү жууй турган жабдыкты али эч ким ойлоп таба элек. Таба да албайт. Бирок, жүрөктү таза тутуунун жол-жобосу, шарттары бар. Ал үчүн тообо кыл. Шүгүр келтир. Өлүмдү эсте. Кечиргенди үйрөн. Аз тамак же. Дуба кыл. Түндө ибадат үчүн ойгон. Жакшыга жанаш, жамандан адаш. Адал тамактан. Пайдасыз сөздөн кач ж.б. дешет аалымдар...
7210   177
27.03.2020
ЖАКШЫЛЫКТЫН ЖЫШААНЫ #Жакшы_кабар - бүгүн асман чайыттай ачык. Мунун кандай жакшылыгы бар дейсизби? Биринчиден, вирустун эң сонун дарысы, акесин таанытар дезинфекциясы болгон күн сонун тийди, буюрса. Экинчиден, күн менен булут - азыркы акыбалдын символикалык каармандары. Эстесеңиз, мурдагы күндөрү кара булут, кечээ ала булут каптаган. Бүгүн болсо булут такыр көрүнбөйт. Муну жакшылыктын белгиси деп билелик. Кудайдан болуп, булут бир ордунда узак калбай каалгып өтүп кеткендей эле, тигил вирус да элибизден, жерибизден, дегеле адамзаттын башынан батыраак өтүп, алыс кетип, көздөн, ойдон биротоло кайым болот экен деп жоруйлук. Буюрса, башыбызга кара булут айланган кыйын учур артта калууда деп ишенелик. Кыргыздын бардык жакшылыктарды камтыган “Асманың ачык болсун” деген мааниси терең жана кенен ак батасы бар. Асманыбыз ачыла берсин! Булут менен кошо көкүрөктөн муң, кыжалатчылык таркап, күн менен бирге кабак-кашыбыз, маанайыбыз жадырасын. Чайыттай асман сыяктуу жолубуз, көңүлүбүз ачылсын. Ошондой эле, ушул сыноону өз башыбызга чакырган пенделик айып-күнөөлөрүбүздү айра таанып, тообо келтирүүгө, кадырын билбей колдон чыгара жаздаган Жараткандын чексиз берекеттери үчүн шүгүр айтууга көзүбүз жана көкүрөгүбүз ачылсын. Соода, бизнес, алакалар азайып, өлкөбүздүн жону жукарып турганда, муктаждарга, оорулууларга жардам берүүгө байлардын колу ачылсын. Бири-бирибизге жакшылык тилеп, оору-сыркоодон, кырсык-балакеттен калкыбызды калкала деп Жаратканга жалбаруу үчүн алаканыбыз ачылсын. *** Кудайга шүгүр, кечээ да “жаңысы табылды” деген кабар болгон жок. Кара булут таркап баратат. Жараткан, өмүрүн тобокелге салып, күн-түн дебей кызматыбызды өтөп жаткан дарыгерлерибизге дарман бер! Күч түзүмдөрүбүзгө күч-кубат ырооло! Азыркы замандын элдин эсендиги, адамзаттын амандыгы үчүн көкүрөгүн дзотко тоскону чуркаган Чолпонбайдай баатырлары ошолор. Жаратканым, элибиздин ынтымагын бекемдеп, мыйзамга карата сый-урматын арттыр. Мыйзамды сыйлоо – бул мамлекетти, демек, өзүбүздүн эбегейсиз эгемендик бактыбызды сыйлоо. Биз оңолсок – абал оңолот, аалам жана заман оңолот! Буюрса, бул күндөр да өтөт... Жумабыз маарек болсун. 27.03. 2020
6368   158
29.03.2020
КАНТТИ ЭКЕН? Мындан көп кылым мурда жашап өткөн Асан кайгы деген атактуу акын, ойчул, даанышман бабабыздын атына бекер жерден “кайгы” деген сөз кошулуп айтылбаптыр. Анткени, ал азиз адамзаты мындай турсун кулан, коён, чымчык, бөкөн, кийик, каз-өрдөк, таш бака, ал тургай пайдасынан зыяны көп чаян, чымын, жылан, доңуз сыяктуу айбанаттардын да көргөн күнүн, туш болгон кыйынчылыгын ойлоп, жай алып жата албай кайгыга батчу тура. Жайдын күнү катуу мөндүр жаап, капилет ызгаар суук түшүп, суулар тоңуп, жерди муз каптаганда: Куйругу жок, жалы жок, Кулан байкуш кантти экен? Чымчып алар жүнү жок, Чыңырарга үнү жок, Боорунда буту жок, Жылан байкуш кантти экен? Баш калкалар үйү жок, Пааналаган жери жок, Курт-кумурска кантти экен? Уясын кар баскан чыгар, Шору таштай каткан чыгар, Муздап карга жаткан чыгар, Чымчык байкуш кантти экен? – деп жан бүткөндүн баары үчүн кыжалатчылыкка түшүптүр, кайран киши. Биз бул башкача мээримдүү, камкор, жүрөгү назик бабабызчалык сойлогон, жорткон, учкандын баарын ойлобосок да, азыркы өзгөчө кырдаалда биз үчүн алтын башын, асыл жанын тобокелге салып, кажыр-кайрат менен тынбастан иштеп жаткандарды аяп, артынан жакшы дубаларды кылалык. Карантин себеп болуп бардыгыбыз үйлөрүбүздө, жакындарыбыздын маңдай-кашында бейкапар отурганыбызда, байкуш дарыгерлер, милициялар, өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлери, аскерлер ж.б. калкты кара тумандай каптаган эпидемия коркунучун колкодон алып, күн-түн дебей эл аралап эмгек үстүндө. Коомдук транспорт токтогондуктан, алар жумушуна кантип барып-келип жатат болду экен? Кафе-ресторандар, ашканалар жабык. Анда, курсактары ачканда кайда шам-шум этишүүдө? Жаз жарымына жакындаса да суук сурданып кетпей турат. Үшүгөндө эмне кылып жылынып жатышат? *** Кир десе үйгө кирбеген, Кир дегенди тилдеген. Карантиндин тартибин, Кулак көзгө илбеген. Керек болсо көчөдө, Беткап, колкап кийбеген. Эрке элди жөнгө салам деп, Милиция байкуш кантти экен? Вирустан баары качканда, Бекинип үйдө жатканда. Белин бууп, жеңин түрүнүп, Бел болуп бейтаптарга. Вирус менен кармашкан, Коркунуч менен арбашкан. Атасы качкан жолобой, Оорулууну жандашкан. Дарттууларга кам көрүп, Дары, жайын камдашкан, Дарыгерлер кантти экен? ⬇⬇⬇
Загрузка...
8290   153
22.03.2020
ЖАРАТКАНДЫН ЖАРДАМЫ ЖАНА ДЕЗИНФЕКЦИЯ Дагы ЖАКШЫ КАБАР айтайын. Кудайга чексиз шүгүр – бүгүн “дагы чыкты”, “жугузгандар катталды” деген кабар болгон жок. Бул да болсо дарыгерлерибиздин, тартип сакчыларыбыздын, атка минерлерибиздин, кайрымдуу уул-кыздарыбыздын, дегеле мыйзамды сыйлаган, эреже-тартипке баш ийген кош көңүл эмес жарандарыбыздын ак дилдүү, ынтымактуу аракетине Жараткандын берген берекети. Кечээ нөшөрлөп жамгыр жааган. Биринчиден, жамгыр бул – Жараткандын ыракматы. Жамгыр учурунда айтылган тилек, берилген бата кабыл болот дейт. Азыр канча адамдар аты жаман вирустун зыянынан сактоону күн-түн дебей сурап жаткан учур. Экинчиден, “таза болсоң суудай бол – баарын жууп кетирген” дегендей, жамгыр аркылуу бүтүн өлкөбүз: шаарлар, базарлар, мазарлар, айылдар, тоолор, талаалар, аң-жарлар, айтор, кең айдыңдардан тартып кычык-бучуктарга чейин дезинфекция болду. Эгерде ошондой дезинфекцияны өзүбүз кылчу болсок, мамлекеттин казынасынан миллиарддаган сом акча кетмек. Бүткүл жарандык жана аскерий авиациябыздын баарын асманга миң жолудан көтөрүп миллиондого тонна антисептик чачтырсак да, бир саамга төгүп өткөн жамгыр тийгизген пайданын миңден биринче иш бүтмөк эмес. Бүгүн болсо күн жаркырап тийип, жылуу болду. Вирус жылуулуктан, күндөн коркот дешет дарыгерлер. Айтор, биз кадырына жетпей, бүлгүн салып, кыйратып, кордоп жаткан табигат аркылуу Жараткан Өзү жардам берип жатат бизге. Кандай жолдуу, бактылуу элбиз. Баса, карантин себептүү аба тазалана түшкөнүн байкабаган адам болбосо керек. Көчөдө быкшытып түтүн бүрккөн транспорт азайганда, ушинтип, аба арууланат экен. Ден соолуктун чыныгы булагы – бул таза аба. Тамаксыз ондогон, суусуз үч-төрт күн жашашың мүмкүн, бирок, аба жок болсо ашып барса саналуу мүнөттөн соң жалган өмүр жайрайт. Көрдүңүзбү, кыжалат кылчу бир сыноонун артында, биз аңдай бербеген купуя жана ачык миңдеген жакшылыктар бар. Орустар “Не болсо да жакшылыкка” (Все к лучшему) деп бекер айтышпайт өзү. Карантин да, өзгөчө кырдаал дагы уланат. Кут-берекенин ордосу болгон үйүбүздө отуруу мүмкүнчүлүгү дайым эле боло бербейт. Убактым болгондо кыйратат элем деген иштерди эми жасайлы: ⬇⬇⬇
9952   144
17.04.2020
Биздин министрликтин алдындагы бул көйкөлгөн сулуу гүлдөрдөн баарыңыздарга салам. Жумуштан чыгып келе жатсам таажыларын дилдиретип, жалбырактарын жаңсап өздөрүнө чакырып алышты. “Баары жакшы. Буюрса, мындан да жакшы болот. Жолугушуубузга аз калды. Силерден сабыр, бизден ак бата” деп ишаралагансып жаздын жагымдуу шамалына эркелей ыргалышат. “Балким, ушундай гүлдөрдүн суктанткан сулуулугу, жыпар жыты тигил вирустун эң чоң душманы, бузуп өтө алгыс чебидир!” деген ой көөдөнүмдө шам болуп жанып, көңүлүмдү көкөлөттү... Бүгүн күн да сонун ысыды.Адистер вирус ысыкка туруштук бере албайт дейт. Буга чейин кыйлага созулган жамгыр аркылуу Жараткан бүт кыргыз жерин дезинфекциялап берген эле. Төгүлгөн нөшөр, жаркырап тийген күн, жайнап ачылган гүлдөр, тазарган аба, бараалына келген көктөм... Мунун баарын жакшылыкка жоруйлу . Буюрса, бурулуш күндөр башталды. Келген "конокту" эч качан кайтып келбегендей кылып узатуу насип этсин элибизге. Аз калды. Чыдайлы! Анан, аманчылык болсо, түлөө кылабыз. НК, 17-апрель, 2020-жыл