Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
4071   142
26.03.2020
Оюбуз өткөн чакта. Тээ артыңда качандыр калып калган элестериңди бирден барактап алып шыпшынып, бирде үшкүрүп, бирде жыргап, бирде сагынып, таптырбай кеткен эски күнүңдү камчылап алып өткөндүн өлкөсүндө адашы-ып жүрө бермей адатыбыз бар го? Кээде ой деген күлүк атыбызды чаптырып алып ойкуп бир кайкып, келечекке жүткүнүп, келе электе эле жетип барып, далай ишибизди бүтүрүп, шымаланып, чуркап, тердеп - кургап жүрө беребиз. Ойлорубуз бирде артта, бирде алдыга чаптырып адашып жүргөн кезде денебиз учур чакта максатсыз, супсак жашап жүргөн болот. Тамактын даамы, күнүңдүн кунары качып, бакытты мезгилден кубалаган бойдон жаштыгыбызды, өмүрүбүздү өткөрөбүз. Элестет өлүмгө кадам калган күнү карасаң эле жашоо ушунча таттуу. "Мурун эмнеге сезбедим экен? Атаганат, жок дегенде бир ууч убактым болгондо эмне?!" дээр белек бармакты тиштеп өкүнүп. Андайды элестеткенде денеңе майда бүртүкчөлөр чыгып, чыйрыга түшөсүң. Эсиңе келе калып, тирүү кениңе, жашап жатканыңа ушундай жыргайсың анан! Мынчалык Жаратканга жалынбаган чыгарсың. Шүгүр сөзүн айтканда жүрөгүң кошо сүйлөп жибергиси келет. Мен жашап атам дейсиң! Үй жыйнаганда да жыргап, ар бир кычыгын жууп, тамак жегенде тим эле тилиң ар бир даамын сезип, сезген сайын көзүң аңтарылып, ырахатка бөлөнүп, уулуңду жыттаганда мээримиң мн сүйүүң оргуштап, ичиңди кошо титиретип, китеп окуганда оюңду топтоп окуп, кино көргөндө жыргап көрүп жашап каласың. Жашашты билдик белек дейсиң анан? Тирүүлүккө эптеп тутунуп, акча кубалап, кырылып, жек көрүп, урушуп, бөлкө нанды бөлө качып жүрбөдүк белек дейсиң. Үймөктөп үйчүбүздү үйүп, көңүлүң толбой, көкүрөгүң ачка болуп жашадык. А толуш үчүн жөн гана азыркыңдан, учурдагыдан, майда нерседен ырахат гана алуу керек болчу экен! Бакытты кубалап, кандай гана ишти жасап, кайда гана жүрбөдүк....#жөнэлеойлор #бактылууадам #карантин #үйдөбол
5995   242
23.03.2020
Бирөөнүн көзүнө жакшы көрүнүү адаты бар бизде. Үлгүлүү болуш керек сөзсүз. Кошуналар, туугандар "Карачы, элдин баласын!" деш керек. Үлгүлүү болбой калсак, эл эмне дейт? Адар жакшы көрбөй калат да. Алар мен тууралуу жаман ойлоп калат. "Мени жаман ойлоп калат" коркунучу эң көп жашайт. Бирөөгө жакшы көрүнүү менен өзүбүзгө болгон бааны көтөрөбүз. Кантип жакшы көрүнөбүз? Эл эмне десе, элге эмне жакса, ошону кылабыз. Элге жагат ал нерсе бирок бизге жакпайт. Жакпаса деле эчтеке болбойт. Иши кылып элге жаксын. Эл жактырган мүнөздү күтөбүз. Эл жактырган, туура деп эсептеген тамакты жейбиз. Эл жактырган мектепте, жогорку окуу жайда окуйбуз. Эл чечим жасаган ийримге барабыз. Эл жактырган эрге тийебиз. Эл жактырган аялды алабыз. Эл жактырган, туура деп эсептеген, мода катары каралган жумушта иштейбиз. Эл жактыргандай өзүбүздү алып жүрөбүз. Эл жактырган ишенимди тутунабыз. Кыскасы, эл жактырат, бирок ичибизде күн сайын ит өлүп атат. Кыжырдануу пайда болду. Анткени ал тандоо бизге жакпайт. Жек көрүү пайда болду. Анткени ал жолду эркибизге койсо тандамак эмеспиз. Көз артуу , ич күйдүлүк пайда болду. Башкалар өз ырахаты үчүн жашап атат. Агрессия (жин келүү) пайда болду. Анткени жашооң сен каалагандай, сенин кыялыңдагыдай өтпөй жатат. Бирөөнү кемсинте баштадың. Жыргап калдың. Бирөөнү сөгө баштадың жеңилдей түштүң. Бирок анткен сайын сазга батып баратасың. Токто! Дем ал. Ой жүгүрт. Бир келген өмүрдө сен каалаган ырахаттуу жашоого акылуусуң! Ырахаттуу өмүр сүргөндөн корккон бар. Өзүн күнөөлүү сезе баштайт. Туура эмес кылып атам дейт. Анткени өмүр бою башкалар койгон эрежеде, калыпта жашаган. Сен өзүң каалаган окууда окуу, сүйгөн ишиңде иштөө, жакшы көргөн тамагыңды жеп, жакшы көргөн адамыңдын колун кармоо, сага жаккан жашоону тандоо туура! Эч качан кеч эмес. Азыр бурул. Бурулуш жаса! Жашооңо, жан дүйнөңө революция кыл! Өзүңдү бактылуу сез! #жөнэлеойлор
4871   156
22.03.2020
Карачы, эмне деген кооз дүйнөдө жашайм?! Кийимимди карачы кандай гана көздүн жоосун алат?! Таза абадан дем алам. Ичкеним мүрөк суу. Чайнаганың май. Кыргызмын мен! Каадам бар, салтым бар, үрп - адатым бар, адебим бар! Эмне деген керемет философияны ата - бабам калтырып кеткен?! Ар бир макал - лакабы, учкул сөзү, жомогу, уламышы, эпосу, дастаны, Манасы бар! Терең үңүлсөң, жашоонун маңызы, көркөмү, мааниси мн шааниси чыга келет! А касиетичи? Туюму, сезими, аурасы, энергиясы кандай гана күчкө эгедер болгон?! Кыргыз деген улуу эл да! Кыргыз деген кырылгыс эл! Кыргыз деген керемет эл! Чалкып жаткан деңизбиз биз! Өзүмдүн өлкөм бар! Ээлик кылбаган эркиндигим бар! Тилим бар кооз, бай. Дилим бар! Көрөнгөм бар көбүргөн. Касиетибизди гана кармаганды үйрөнсөк... Көкүрөгүбүздү жара тээп чыга албай жатат! Кыргызмын мен! Чанганга да, танганга да, сатканга да, атканга да акың жок. Миң чанып, танып, чалкаңан кетсең да бул чындыкты өзгөртүү мүмкүн эмес?!
6579   155
21.03.2020
Кечирим. Сонун нерсе. Текеберлигиңди сындырып, эгоңду басып, жүгүңдү үстүңдөн алган сезим. Кеңкейип башың бийикти карап, жер баспай калган учурда бутуңдан ылдай тартып, жер мн жер кылган сезим. Кечирим - көкүрөктү өйүп, көөдөндү жара тээп, сыйрылып турган жараңды айыктырып, карты жок бүтүшүнө себепкер сезим. Кечирим..кекчилдикти өчүрүп, кекиртектен өтпөй атканды өткөрүп, сиңирген сезим. Кечирим - карарып турган дүйнөңдү шамаалдай айдап, сур булутун кетирип, күндүн көзүн көргөзүп, жарык берип, нурун чачкан сезим. Кечирим. Катаңды моюндап, капасың мн беттешип, эркиндикке бет алган сезим. Кечирим кетиргиң келбей, көктүгүң кармап атканда кое бергенди үйрөткөн сезим. Кечирим - Жараткан берген улуу сезим. Көкүрөктө орун алаар замат көңдөй болуп катып турганды жибитип, көркөмүнө чыгарган сулуу сезим. Кечирим алсыздын белгиси эмес. Кечирим - чоңойгондун, улуулуктун, бийиктиктин белгиси. Кечир мени! Катам болсо, айып этсем, көңүлүңдү оорутсам, кечир мени! Жаңылбаган пенде жоктур. Мен да силерди кечирдим. Кое бердим. Ыраазымын. Оо Жараткан, кечиримдүү затсың сен! Пенделериңе ушул улуулугуңду, бийик касиетиңди үйрөт. Ооз учунан эмес, айкөл болуп, көңүл түпкүрүнөн кечиргенди билдир. Пенделериңди кечир! Кекчилдигибизди, текебердигибизди ал! Көңүлүбүздү, көкүрөгүбүздү тазала! #жөнэлеойлор
Загрузка...
7321   237
20.03.2020
1. Уникалдуу экениңизди билиңиз. Сиздей башка жок. Кумир тутуп, бирөөнү туурап жашап атсаңыз демек, мандем бар дегендик. Балким сиздин жашоо туурадыр жана эң сонундур. Бирөөнүкүнө суктанып жатканда өзүңүздүкү бекерге өтүп жатканын билиңиз. 2. Өзүңүздү кемчилигиңиз, артыкчылыгыңыз мн кабыл алып, сүйүңүз. Башка бирөөгө жагынуунун кажети жок. 3. Өзүңүзгө жогорку бааны коюңуз. Өзүн баалаган адам эч качан кемсинбейт, дардактап да кетпейт, чөкпөйт, көппөйт дагы. Юир кадыпта жүрөт. Өзүнүн мыкты, бактылуу экенин өзү билет. Башка бирөөгө тастыктоонун, далилдөөнүн кажети жок. 4. Мактанчаактык - пастыгыңыздын белгиси. Башка бирөөнүн көзүндө өзүңүздү бийиктеткиңиз келип жатат. Анткени жан жүйнөңүздө өзүңүзгө берген баа өтө төмөн. Комплексиңиз бар. 5. Наалый берген адатыңыз болсо, жашоодо курмандык болуп жашаган жагат. Наалып атып бирөөнүн энергиясын соргонду жактырасыз. Сиздейден адамдар кача баштайт. Аны билиңиз. Наалуу мн жашооңузду наалыгандай кылып жасап аласыз. 6. Мүнөзүңүз корс болсо, кызыл камчы болсоңуз , бирөөнү сабаганды жактырсаңыз анда да ойлонуңуз. Жүрөгүңүздөгү жараларды айыктырыңыз. Коркок, назик адам коргонуш үчүн балким тишин көргөзүп жаткандыр. Өзүнө берген баасы төмөн үчүн башканы төмөн түшүргүсү келип аткандыр. 7. Эмоцияны жашырбоо уят эмес. Сүйүп жатсаңыз, ачык эле билгизиңиз. Сүйүү анткени сонун сезим. Ыйлагыңыз келип атса, ыйлап алыңыз. 8. Кур намыстан арылуу кажет. Кекирейүү, менменсүү жакшы сезим эмес. Жөнөкөй жүрүү, жөнөкөй унаа айдоо уят эмес. Бирөөнүкүн урдоо, жаман жол мн акча табуу - уят. Эл көзүнө "крутой" көрүнүп, ары жагыңда ыштаныңыз жыртык болсо, кандай кордук?! Андан көрө эл көзүнө жупуну болуңуз бирок курсагыңыз ток, кийимиңиз бүтүн болгону дурус. 9. Бирөөнүн оюн ээрчибеңиз. Ээрчиме болбоңуз. Бир жолду тандаардан мурун көп жолго көз салып, окуп, сурап, салыштырып көрүңүз. Чечимди жүрөгүңүз мн жасаңыз. 10. Билим алыңыз. Бир жааттуу болбосун. Ар тармакты тытып көрүңүз. Акыл калчаңыз. Ар кимдин оюн сыйлаңыз. Өзүңүздүн оюңузда да бекем болуңуз. #жөнэлеойлор
5857   166
19.03.2020
Күн сонун тийип, көк чөп жер жарып чыгып, Жаратылыш өз нугунда бейкапар жашоосун улантууда. Адамдар үйдөн чыкпай, суулар, аба тазаланып, жан - жаныбар тынч жашап жатса керек. " Тазалануу, аруулануу жүрүп жатат го "- деп койдум. Балким ушул нерсе абдан керек болчу жана балким боло турчу мындан да оор кырдаалдан, катастрофадан сактап жаткандыр. Жөн эле эч нерсе болбойт. Биз өмүрдүн баркын сездик. Өлүм мн маңдай - тескей келгенде гана өзүңдү тескеп, жашооңо кылдат көз чаптырасың. Болбосо, балдарыбыздын көкүрөгүн качан сезип, өрүктүн гүлдөшүнө качан көз салдык эле? Акчанын артынан чуркап, дүйнө топтоо мн алек эмес белек? Бир саамга токтоп, тегерекке көңүл коюп, өзүбүздү тыңшап турган маалыбыз. Нөшөр, бороон - чапкын күндүн баркын сездириш үчүн бар. Бүгүнкүдөй оор кырдаал жашоонун даамын берүүдө. Канча жашаарыбызды ким билсин? Бирок бүгүн, азыр жашаганга мүмкүнчүлүк бар. Жаша! #жөнэлеойлор P.s. Кечинде Германиядан сиңдим чалып, - Астматиктер анан иммунитети аздар биринчи кетет. Бекем кыс да үйдө жат,- деди эле. Кысып атам. Балким дүйнөгө пайдам тийип калаар.
1889   89
19.03.2020
Ламифарен мага да жетти. Кооптуу абал туулуп атканда өзүмдү, үй бүлөмдү жок дегенде иммунитетин көтөрүп коргоюн. Деңиз чөбү ичеги кaрынды жакшы иштетип, ичтеги токсин, шлакты айдап чыгат дешти. Дагы көп артыкчылыгы бар экен. Бир ай ичип көрөйүн да эмненин ичинен чыгаар экенмин. @lamifaren.kg баракчасына кирип, кененирек окуңуз. Ошондой эле Ноорузга карата 30% жеңилдетүү жүрүп жатат. Алып алыңыздар Недавно я познакомилась с ЛЕЧЕБНО - ПРОФИЛАКТИЧЕСКИМ ПРОДУКТОМ ИЗ ВОДОРОСЛИ для внутреннего применения. Была наслышана о хороших отзывов потребителей и моих друзей. Решила попробовать сама, так как для меня этот препарат был находкой. А знаете почему? Ламифарэн отличается: -Точная направленность его воздействия за счёт уникального состава. -Могут употреблять даже дети и женщины, находящиеся в состоянии беременности. -Высокая усвояемость. -Не имеет противопоказаний и побочных эффектов. -В рекордные сроки восстанавливается нормальное функционирование всех внутренних систем. А для того, чтобы узнать в каких случаях вам поможет Lamifaren, переходите на страницу @lamifaren.kg
5286   324
18.03.2020
Бир эле теманын айланасында сүйлөп, наалып, ашатып, сөгүп, коркуп атып далай негатив чакырдык жашообузга. Шорпо - шилең ичип эле чуркап кетет кыргыз. Андан көрө жаз келди. Сүйүү жааты кантип атат? Кимдин жан дүйнөсүндө уйгу - туйгу? Жашооңордо кандай сонун жаңылык болду? Ошол тууралуу сүйлөшөлүчү? Өзүмдөн баштайын. Анатолий Некрасовдун "Путы материнской любви" китебин окуп бүтүрдүм. Психологияда өзүмдү өнүктүрүү боюнча сабакка бардым бүгүн дагы. 1 - модульду аяктадык. Көп билим алдым. Жашоомдун жакшы жакка өзгөрүшүнө, өзүмдү дагы жакшы таанышыма өбөлгө түзүлдү. Ютуб каналым жанданды. Буюрса, дагы бир иштин артынан чуркап жүрөм. Бүтөйүн деп калды. Күйөрмандарымдын каалоосу, суранычы боюнча аткарылган иш. Жаздын келиши мени абдан кубантып жатат. Чымчыктын сайраганын уккан абдан жагат. Көйнөк, така кийип, кыздар ачылып баштадык. Көптөн бери диетада болчумун. Бүгүн рамен жедим. Ушунчалык ырахат алып жедим. Бүгүн кечке уктадым. Бул да чоң ырахат! Сизчи? Келгиле, позитив флешмобун өткөзөбүз? Ар ким өзүнүн жакшы жаңылыгын айтат. Баардык оюбузду жакшылыкка топтоп, оозубузга сонун сөздөрдү гана алабыз. Колдойсуңарбы?
5404   580
17.03.2020
Үч ай болду энтиккениме. Дем ала албай, кара терге түшөм. Түндөсү уйкум келет. Жатсам, демим кысылат. Отуруп алып уктайм. Үч айдан бери астма мн алышкан адамга короновирусуң коркунуч деле жаратпайт. Укол, капельница, даары алдым. Гормоналдык да алдым. Астма мени мн балалыгымды талашты. Өмүр бою эле келе жатат. Психологиялык себебин аныктап чыгуу кажет. Луиза Хейдин айтуусу боюнча балдардагы астма "Жашагысы келбегендик" катары каралат экен. Чоңдордогу астма "Сезимдерди басынтуу, жашыруу. Өзүң үчүн жашай албагандык" делинет. Изилдеп чыгып, түйүлдөк кезиңдеги көйгөйлөрүңдү чечпесең, өмүр бою кыйналчудайсың. Оору дагы бир нерсе айткысы келет. Жан соолугуң аксаган учурда гана ден соолуктан көрүнөт ал нерсе. Демек, жан дүйнө тынч эместигин айгинелейт. Дем алуу жашоо эмеспи. Эмнеге дем алгандан дене баш тартып атат? Жашагым келбей атабы? Суроом көп.. #жөнэлеойлор