Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
9206   300
23.04.2020
Жети жаштамын анда. Эртең мн үрүл таңда туруп, мектепке даярданабыз. Чачымды өрүп беришет үйдөгүлөр. Форма - фартугумду кийип, дептерлеримди салыштырат. "Ата - энем мени мектепке эмнеге ээрчип алат өзүм килейген кыз болсом? !" деп үйдөгүлөргө эки күндөн кийин уруксаат бербей койдум. Таң сөгүлө элек кезде үйдөн чыгам. Дамбада жашайм. Мектебиме чейин жөө бассам жарым саат - кырк мүнөттө жетем. "Дружба" деген сумкамды асынып алып, тепейип жөнөйм. "Ж" тамгасы орусча окулаарын кайдан билейин?! Кыргызча окуй коюп, үйдөгүлөрдүн кыраан каткырыгына калгам. "ЖУК ЖУЖИТ"тин баарын кыпкыргызча эле окучумун. "Дагы окуп койчу? " деп суранышат. Эмнеге каткырып, жыргап атышканын түшүнбөйм же? Кайра окуп берем. Ошол үрүл таң, жалгыз баскан жолдор дагы эле эсимде. " Бирөө жыга чаап кетет!" , "Сүйрөп кетет" деген түшүнүк жок болчу. Ал тургай "Ит каап алса эмне болот?" деп тынчсызданган болгон эмес. Иттерде деле ыйман бар окшойт! ))) Ошол таңдардагы башкалардан өзгөчөлөнгөн эң жарык, чоң жылдыз эстен кетпейт. Чолпон жылдыз экөөбүз тиктешебиз кечке. Көзүмдү жумуп алып Жараткан мн сүйлөшөм. "Мен деле ушундай чоооң жылдыз болсом ээ?"дейм. Башкаларга окшошкум келчү эмес. Эстеп алып, менин кыялым, каалоом, максатым ошондо эле калыптаныптыр деп таң калдым. Азыр да асманды карасам, балачагымдагы сырдашым өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп биринчи чыгыптыр. Жарыктыгын, сулуулугун айт! Көр тирилик мн алпурушуп жүрүп, унутта калган экенсиң го?! Мен чоңойдум. Ал ошол бойдон. Чыгармачылыгымдын эми гана башатында тургандай сезим келет. Балачагымда кыялдангандай мен дагы чоооң жылдыз болуп, бир күнү бадырайып тураармын ээ мекенимдин тарыхында? ♥ #жөнэлеойлор __________________________________________ Сүрөтүмдү телефондон колго тарткан @aigerimrabota2020 чоң рахмат! Колуңа береке! Ушинтип жасатып алсаңар болот.
9584   240
23.04.2020
"Бир каалооңду аткарам!" деген сыйкыр болсо ушул доорго кайрылып, жок дегенде бир күн жүрүп келмекмин. Ар биринин сырын чубап, интервью алмакмын. Эс тарткандан бери эңсегеним ушул. Бир укмуш "Легенда" доору өткөндөй сезим. Дөө - шаалардын баары ушул доорго кептелип калгандай туюлат. Сабира Күмүшалиевадай болгум келчү. Ал катышкан кинолорду оозум ачып, элирип көрөт элем. Кино жаатына , театрга болгон болуп көрбөгөндөй сүйүүм ойгонду алгач. Алардын сүрөтүн көргөндө, театрга киргенде кадимкидей демим токтоп калат. Ал тургай алар баскан жер да өзгөчө көрүнөт. Сугумду артып, алар жөнүндө баарын билгим келген кооз дүйнө бул. Сапаттуу, таланттуу адамдардын баары бир эле мезгилде жашап, дүңүнөн кетип калгандай туюлат. Азыркы доордун деле өз мыктылары бар, бирок аларды сезбей, туйбай келатабызбы деп коем. Урпактар бизди кандай муун деп атап, кандай баа берет болду экен?
14282   306
22.04.2020
"Таш боорсуң, мерезсиң! " деп урушаар элеңиз. Билем, агай! Ага кошуп оройлугум да бар. Ойлондум, агай сөзүңүздү. Ал жөн гана тарыхтан алган сабагым экен. Тарыхтагы боорукер, мээримдүү, жумшак аялдарга коом катуу мамиле кылыптыр учурунда. Балким ал мүнөзүм мн өзүмдү сырттагылардан коруп аткан чыгармын. "Ой, агай, өзүм жалгыз бой келин болсом, жылуу карагандын баарына эле мээримдүү, боорукер боло берсем, эмне тамтык калат менден?" десем, бооруңуз калбай күлдүңүз. Өзүңүз болуп көрбөгөндөй жумшак, мээримдүү элеңиз. Балким, карындашыңызды өз дүйнөңүздөй тарбиялайм деген чыгарсыз... Сиз жазган күнү бизге майрам эле. Бири бирибизден "Агай бата кетирдиби?" деп сурачубуз. Сизден бата, тилек келген күнү ишибиз оңунан чыкчу анткени. Ырымдачубуз. Сиз жакшы жакка, жыргап кеткендей жүрөгүм тынч негедир. Көңүлүңүз ачыктай туюлат. Кеп узун жашашта эмес экен. Кеп маңыздуу, маанилүү, кызыктуу өмүр сүрүштө экен. Бул сизден келген дагы бир сабак болду. #жөнэлеойлор
8557   347
21.04.2020
Тилин, оюн көзөмөлгө алып жашаш оорбу адам баласына? Арамданып, аңдып, тилдеп, каргап ... дейин десең пендебиз да. Жараткандын берген сыноосунан ар ким ар кандай өтөт. Тилин тарта албай убара болгону бар. Бирөө оюнун азабын чегет. Миң жолу жаңылабыз. Миң жолу оңдонобуз. Ката кыласың. Жаза басасың. Бетиң укмуш кызарат кылыгың үчүн. Анан экинчи кайталабай каласың. Бет кызарбаса, миң жолу кайталайсың, анан бир күнү ушундай чокуга жейсиң. Экинчи айранды үйлөп ичип каласың. Көрсө, ката, жаңылыштык сонун нерсе тура! Ошон үчүн азыр "Эмнеге ушундайбыз?" деп наалыбай калдым. Ушундай жол мн өтмөйүн оңдолуш кыйын болот. Бийик Адам болуш үчүн алгач паска түшүп көрүү кажет окшойт! Бала деле баарын оозуна салып, даамдап, жыттап, жыгылып, күйүп, чекесин жарып көрүп анан үйрөнөт да. Балага "Чайнек ысык. Күйүп каласың!" деп миң кайтала. Күйүп көрмөйүн билбейт. Жон териден өткөрүү кажет экен. Бирөөнү ушакта. Аябай! Сөөгүнө жеткире. Ушактаган адамың мн жүз көрүшүп, анын жан дүйнөсүн билип, анын терезесинен баш бакканда гана ыңгайсыз абалга түшкөндө гана бирөөнү билип - билбей сүйлөгөн кандай жаман экенин билесиң. Бирөөнү уруп көр. Кийин өзүң таяк жегенде гана кандай этиң ооруурун түшүнөсүң! Бирөөнүн ырыскысын жеп көр. Кудай кустурганда гана экинчи башканын ырыскысна көз артпай каласың. Текебер бол. Тепкиде калганда гана шүгүрчүлүктү үйрөнөсүң. Төбөгө жемейин, өзүбүз эле акылдуу болуп, айттырбай, этекке чаптырбай билгидей адатыбыз жок өңдөнөт адам баласынын. Кылгылыкты кылып, кыл жип мн бууп анан кыйындыкка өтөбүз. Ошон үчүн пенделиктин кылыктарына наалыбай, кейибей, кепчибей, өзүбүздү ак карга сезбей эле сырттан абай салып, башканынбы, өңүбүздүнбү жаңылыштыктардан жакшысын алып, сабак кылып, үйрөнүүбүз кажет экен... #жөнэлеойлор
Загрузка...
7664   279
19.04.2020
Кыздар, бактылуу болгонду үйрөнөлү, ээ? Өзүбүздү өзүбүз бактылуу кылганды үйрөнөлү. Биз бактысыз болсок, балдарыбыз, жолдошубуз, тегерегибиз да бактысыз болоорун унутпагыла. Анан бирөөдөн көз карандысыз бактылуу болгонду билиш керек экен. Жолдошубуздан, балдарыбыздан, башкалардан сүйүү күтүп атып эле бактысыз боло берет экенбиз. Бактылуу жана сүйүктүү болуш үчүн эч кимдин кажети жок. Ошону аңдоо кажет. Ичибиз бош болсо, жаныбызга эч ким жолобойт. Эркектер, балдарың эмнеге качат сенден? Боштук бар ичиңде. Берейин десең бере турчу сүйүүң, мээримиң, бакытың жок. Сенин жаныңда үшүйт, ачка болот. Физикалык жактан эмес руханий , моралдык жактан. Комплекстерди жоюп, өзүңдүн үстүңөн иште. "Мени таштап кетти. Ойнош күтүп кетти!" деп бырылдап , арманыбызы аттын башындай болуп, ыйлайт экенбиз. "Эмнеге таштап кетти? Менден эмне күнөө кетти?" деп абай салган эч ким жок. Биз байкуш болуп, курмандык болгонду, эл сооротушун, эриңди жамандашын каалайбыз. Тартып кеткен аялды жек көрөбүз. Биз өзүбүздүн ал эркекке эмнени бере алган жокпуз деген катабызды аңдабайбыз. Бүтүн дүйнө күнөөлүү , өзүбүз эмес! Турмуш курганда көбүрөөк сырткы дүйнө мн алек болуп калып, ички дүйнөбүз, өзүбүз унутулуп калат экен. Так эле ошол чоң катабыз. Жолдошубузду, балдарыбызды, кайын журтту, көр тириликти алдыга чыгарып жиберебиз. Бизде боштук калып калат. Биринчи өзүңдү сүйүү, мээрим, көңүл мн толтур, тойгуз. Сен аялсың! Сенден баары тамактанат. Сен бактылуу, жылуу, мээрим толо болуп, жайнап турсаң, жаныңдагылар автоматтык түрдө ошондой болот. Жаныңан чыккысы келбейт. " Өзүңдү бактылуу кылганда гана турмуш кур" дегеним ошо. Өзүңдү сүйүүгө ден соолукка кам көрүү, сырткы келбетти алып жүрүү, бакытка тунуу, сүйүктүү ишиң мн алек болуу, жүрөктүн каалоосу мн эсептешүү, билим алуу, өзүңдү өстүрүү, өзүңдү тарбиялоо, өзүңдү сыйлоо ж.б кирет. "Кайын журтум начар, күйөөм тигиндей, балдарым карабайт " дегенден мурун күзгүгө каранып, мен андай мамилени, андай бактысыздыкты эмнеге күтүп атам? Демек, мандем менде дегенге кудуретибиз жетсин! Эмнеге татыктуу болсок, ошону алабыз! Унутпаңыз!♥ #жөнэлеойлор
6581   302
18.04.2020
Чоочун адамдар миң жамандап, төпөштөп, үстүңөн ылдый жугунду куйсун баары бир. Алардыкы тийбейт. Өтүп кетет оңой. Бирок найза болуп көкүрөк тушка саптала турчу сөздөр, мамиле жүрөгүңө киргизгендерден чыгат. Эң жакын адамың гана болушунча бутун сүртүп, каалагандай калчап, баркыңды баткак кылып, кадырыңды кактап кетет. Ал ата - энең, бир тууганың, досуң, жарың, жолдошуң, балдарың, тууганың болушу мүмкүн. Эң жаманы да аларды жашооңон чыгарып, биротоло жогото албайсың! Көп учурда багынып, тебеленип беребиз да, жашоонун соңунда биротоло оорукчан болобуз. Бакыттын даамы кетет. Эзилген бойдон жашообузду өткөрөбүз. Кандай өкүнүчтүү?! Токтотуп туруп, баарын үзүп, өзүң үчүн башкача жашоого баштаганга баарынын эле кудурети жете бербейт! Айрымдары андай кордукту кабыл алат да, " тагдыр экен" деп моюн сунуп, өмүр бою эзилип жашайт. Ойлонуп көрсөм, Жараткан мага " эзил, азап көр, кыйнал" деп жашоону бербесе керек? Мен да Жараткандын жаратманымын. А эмнеге башкаларга зулумдук кылууга, эзүүгө уруксаат беришим керек? Бир келген өмүр! Бул репетиция болчу эле деп кайра жаралганга мүмкүнчүлүгүм жок! Мен жыргап, бактылуу, өз бактыма, жашоомо эгедер болуп жашаганга, өзүмдү сүйгөнгө, бийик койгонго акым жана укугум бар! Жашоомдун соңунда артыма кылчайганда мен тарткан сүрөттөр калсын өмүрүмдө. Кооздоп, түстүү, жан дүйнөм менен эргип тарткан сүрөттөр! Бирөөнүн тагдырымды башына кийип, чиймелеп кеткени болбошу керек. #жөнэлеойлор
11802   387
17.04.2020
Аял ким? Аялга Кудай сценарий жазып атканда назиктикти, сулуулукту, акылды, жылуулукту, амалды берип, "Эне" болосуң. Төрөйсүң! " деген оозыйпа оозандырган экен. Төрөш үчүн жаныбардык инстинкт боюнча күчтүү эркек талап кылынат. Тандалат. Тукум уланат. Күчтүү эркек жаңы туулган тукум бутуна тургуча кайтарат. Миллиондогон кылым бою бул сценарий бузулган эмес. Акыркы кылымда бир жактуу жыныстык мамиле ачыкка чыкты. Илгери деле бардыр балким сценарий бузулган эмес. Көмүскөдө келген. Күчтүү эркек күчүн жоготуп, тукуму бутуна тургуча кайтарбай калды. Аял төрөөдөн баш тартты. Турмуш кургусу келбей калды көбүнүн. Кылымдар бою кайталанган сценарий бузулду. Ар ким көңүлүнө жакканын кылып, ар ким өз жолун тандай баштады. Бул башыбызга түшкөн жаңы сценарий. Менимче, бир канча жыл жалгыздыкта ар ким өзүн издөө мн алек болот адамдар. Жер жүзү бир аз суюла баштайт. Үй бүлөнүн баркын кетирдик окшойт анткени. Сыйлаганды, сүйгөндү билген жокпуз. Өзүн тааный элек адам башканы таанышы кыйын болот. Өзүн сүйбөгөн, бирөөнү сүйүш, өзүнүн сезими мн эсептешпеген бирөөнүкү мн эсептешпейт . Ошентип, жулмалашып, кызганып, ур - тепкиге алып, жек көрүп, жектеп жүрүп бири бирибизди кийин акыл кирип, адам катары жетилип, руханий жактан чоңойгондо көп нерсеге көзүбүз ачылаар. Бир канча жылдан кийин сапаттуу, чыныгы, бактылуу үй бүлөлөр куралат деп ишенем. "Сен бойдок катын үй бүлө жөнүндө кеңеш бере турчу акыркы кишисиң!" дейсиңер го. Менимче, дал ушул мендей жаңылган, бүлө күтүп көргөн, бойдоктуктун да даамын татыган аял гана бүлө эмне экенин так, таамай көрө алат! Үй бүлө кураардан мурун үй бүлө куруунун маанисин, маңызын, максатын билүү кажет экен. Болбосо, өкүттө өткөн өмүрлөр көп... #жөнэлеойлор
11899   449
16.04.2020
"Али жаш" - аябай ишенчээксиң. "Бакта батинке өсүп атат" десе деле "Кана?" деп издеп жүргөн болосуң. Ар бир адамды өзүңдөй таза ойлойсуң. Кылган аракетинин баарын чын дилден деп билесиң. Интуицияң кыйкырып атса деле укпайсың. Акылга саласың. Акыл болсо, али чийки кез. Жакшы сөз айтып койсо эле жүзүң албырып, элеп - желеп болуп, толкунданасың. Мындай учурда турмуш куруу аябай бат. "Ык - бык, сен чык! " деп коюп кура беришет. Эмоция жакшы иштейт. Сүйүп калуу өтө бат кез. Сүйбөй калуу, "Көңүлүм калып калды" деген да тез. Чечим ойлонбой чыгарылат. "Карышкыр кезиң" - бир турмушту көрүп, балдарың көк чөп болуп чыгып калган кез, же далайды тегирменден өткөрүп, даамдап көрүп, карт бөрү болуп жүргөн кез. Ар бир жылмаюунун артында эмне жатат көз караш сенден эмне каалап атат, ар бир сөздүн капталында кандай ой бар таамай окуп турасың! Көзүнүн тереңинен ал кандай адам көрөсүң. Интуиция да, акыл да жетилген кез. Логика өзгөчө укмуш болот. Оңой мн жемиңди жедирбей каласың. Бул учурда турмуш куруу (эгер ажырашкан же кура элек болсо) оңой эмес. Жытын жыттап, даамын даамдап, чак келеби, келбейби, сүйлөгөнү ордундабы, жокпу, эмнени каалап атат окулуп турат. Жети өлчөп бир кесесиң. Эмоция отурукташкан. Далактабай каласың. Сүйүү оңой мн келбейт. #жөнэлеойлор Сиз кайсы мезгилиңиздесиз?
6532   210
15.04.2020
Жан дүйнөнүн кыжалаттыгын токтотуу кыйын. Өзгөчө кыжы - кужу ой басат. Мээңде эки ой эки башка бөлүнүп алып кырылат. Болбогон нерсеге эле санаа тартып, өзүбүздү өзүбүз жемей адат бар. Алдыдагы менин ишим - ошол кыжалаттыкты таштоо. Оорунун баары ошондон чыгат дешет. Дүйнө бир тең болуп камырабай жүргөндөргө жыргал. Ошолордун жыргалчылыгын үйрөнүү керек. Бир ишим бүтмөйүн бышып кетем. Шашмамын. Убагында жеткичекти нерв кашайып, сүйлөнүп,сөгүнүп - сагынып айдайсың унааңды. Көңүлдү башкага буруп, мээңдени окуяларды башка каналга которо билүү сонун. " Эч нерсеге эч качан кеч эмес. Боло турчу нерсе өз убагы мн болот " дегенди бир тренингден уккам. Ошондон кийин жок дегенде унаада тыгынга калып калганда сөгүнбөй калдым. Болбосо машинамды көтөрүп алып эле чуркагым келчү. Сенин ишиң, оокатың, сенин адамың болсо, сага буюрат. Миң кыжалат болуп, башыңа бүткөн түктүн баарын терип салсаң да сеники болбогону кетет. Жакшылыкка деп жоруп, демек, ушул нерсе буюруп атат дегендик болуш кк экен. Миң кыйын болот акыл. Билем дейт! Колдонгонго келгенде эле кокондон башка эчтеке жок. Баарыбыз акылдуубуз. Оюбузда бирок. Тажрыйбада ар ким ар кандай жыйынтык көргөзөт. Акылдуу ойлорду жашообузга колдонгонду үйрөнүү - эң сонун иш! #жөнэлеойлор