Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
9857   187
09.04.2020
Бул менин 1 - класска бараткандагы сүрөтүм. Делодо ушул сүрөт кыстарылып турчу. Бул сүрөттү бир нече жолу тартканбыз. Окшобой атат деп сүрөтчү мойнумду түздөп эси оогон! Аягында оңдолбосуна көзү жетип ошол бойдон берди. Ичимде ушул кыз жашайт. Ушул жашта. Кичинекей, үркөк, эмнегедир капаста, ыйлап, жалгыз турган элеси келчү. Анткени оюм, боюм баары сырт дүйнө мн алпурушуп, ичимдеги Назираны , мендигимди жалгыз, карабай таштап коюптурмун. Бакытты, сүйүүнү кайырчыдай көрүнгөндөн тиленип жүргөн учурда алардын казылып бүткүс кени ичибизде болот экен. Кээде жаның жай албай, тынчтыгыңды издейсиң. Качып кеткиң келет баарынан. Көрсө, тынчтык ичиңде экен. Назирага жарык тийгизе баштадым. Маал маалы мн кучактайм. Көп жыл камап койгонум үчүн кечирим сурайм. Таарынгандарды, таарынткандарды кечиребиз, кечирим сурайбыз. Жакшы көрөм сени дейм. Тынчтык келе баштады. Мурункудай жулунбай, сүйүү тиленбей калдым. Ушул Назиранын көңүлүн алып, экөөбүз бири бирибизге мээрим төгүп, гармониябызды орнотуп алсак, бүтүн дүйнөгө сүйүү, мээрим чачабыз. #жөнэлеойлор
8961   295
08.04.2020
Балама кандай эне болсом жакмакмын дедим ичимден? Албетте, энеси болгонум үчүн эле болуп көрбөгөндөй жакшы көрөт дечи..бирок уулума эгер күзгү боло турган болсом, чыкыйган, үлгүлүү элес туруусу абзел дедим. Өз ден соолугун карабаган, бир күн оору, бир күн соо болгон Алымкан эне көңүлүн чөгөрөөрүн билем. Демек, өзүмө тың болуп, денимди сак кармоом кажет. Бактысыз болуп бышактап, өткөн кеткен адамдарды дагы эле сөгүп, ар бир бактысыздыгыма, чалынган жеримен эле күнөөлүү издей бере турган эне болсом, башында аямактыр балким, аягында сабыры түгөнмөк. Жээримек, жекире карамак. Баягы пластинкасын кайра койду деп сыйы түгөнмөк. Пластинка айынан эмес алсыздыгыма таарынмак. Бактылуу болуп, каткырып, шаңшып, баарына жакшылык тилеп, кечиримдүү боло алган эне кимге жакпасын?! Анткен сайын уулумдун демине дем кошулуп, бактысы артпайбы?! А эгер көзүн карап өмүр бою, үйрүлүп түшүп, жеке жашоомду, кыялымды жыйыштырып коюп, оозуна кашыктап тамак тыгып, кайда жүрдүң, эмне кылдың дей берсем, акыры буулукмак, думчукмак, жүдөмөк, эркиндигин эңсемек. Уулум мага түздөнө турган болсо эгер ал эркин куш болуп, бийик шаңшышы керек десем, канатты кенен керип, бийик учуум кажет! Тартиптүү, улууга урмат, кичүүгө ызаат кылып, адамгерчиликтин, адилеттин желегин алсын десем, демек өзүмдү ошого тарбиялоом керек! Сырттан карадым өзүмдү, балам! Канткенде сага жагам дедим. Күрп тоок болуп, канатыма ката берсем, болчудай эмес. Күкүк эне болуп, күйүткө таштап кетсем, эмнем энелик? Эң мыктысы бүркүт эне болоюн. Бийик учайын. Күчтүү болоюн. Учуру келгенде уядан чыгарып, көпкөк асманда, өз эркиндигиңде учканга көмөк болом! Не дедиң, балам? #жөнэлеойлор
Загрузка...
7172   690
07.04.2020
Стереотиптер( аң сезимде калыптанып калган эрежелер, адаттар) 1. Жыйырмадан ашаарың мн бүлө курушуң керек. 2. Эрге тийип, же аял ал! Сөзсүз! Жалгыз жашаганга укугуң жок 3. Турмуш кураарың мн эле бала жасаш керек. Тогуз айдан кийин эч ким төрөлбөсө, таяк жейсиң. А кокус, жети айлык болуп калса, точно "залет" 4. Келин бүүүүүт жумуштун баарын жасап, тамак даярдаш керек. Чарчаганга, уктаганга, эс алганга укугу жок. Даже өлгөнгө да уруксаат берилбейт. 5. Келин үн чыгармак түгүл, жел чыгарганга акысы жок. Тем более өз оюн айтпаш керек. Анын ордуна ал кандай кийинет, окуйбу же окубайбы, иштейби же жокпу, канча жолу кайсы интервал мн төрөйт баарын улуулар жана күйөсү чече алат. 6. Өзүнчө бөлүнмөй жок! Кыялданбай эле кой! 7. Кичүү бала, же жалгыз бала мал багып, үй жай карап үйдө калат. Ага окууну ким коюптур? 8. Жашоодо ким болосуң, каякта иштейсиң, кимди алып, кимге тиесиң анын баарын улуулар чечет. Сен али жашсың. Туура эмес тандап алышың ыктымал 9. Ачык кийингендин баары эле бузулган неме 10. Оюңду ачык сүйлөй алсаң, тартиби жок немесиң. Азырынча акылыма келгени ушул. Кошумчалаңыз. #жөнэлеойлор
17712   1089
06.04.2020
Үй бүлө куруу жөнүндө ойлонгон кыздарга кеңеш: 1. Айланада бекер кеңеш бергичтер өтө көп. Ээрчиме болуп, ар бирин ээрчий берсең, көкмө болосуң. Бир гана жүрөгүңдү тыңша. 2. Физикалык гана жактан жетилүү жетишсиз. Моралдык, руханий, психикалык жактан жетилүү кажет 3. Өзүн тапкан гана адам түгөйүн бактылуу кылат. Өзүңдү таба элек болсоң, ашыкпа. 4. Турмуш кураардан мурун билим алып, бир иштин башында тур. Эртеңки күнүңө кепилдик жок. Кандай гана сыноо келбесин, өзүңдү өзүң багып кете алгандай бол. 5. Турмуш сага оюнчук эмес. Жеңил ойлуу караба. Бир тандаган адамың акыреттик болуусу кажет. Ошон үчүн көзүң жетип, жүрөгүң макул дегенге бар. 6. "Атам айтты, апама жакты" деп тие бербе. Аны менен сен жашайсың. Алар эмес! 7. Акчасына эле карап тийбе. Акчадан алдыңа төшөк салып берсе да, сүйүү болбогон жерде жылуулук болбойт. Сүйүү деп итке минген бирөө мн да баш кошпо. Тукумуңду уланта турган ишенимдүү жер болушу керек. 8. Тие турчу адамың акылыңдагы эрежеге төп келип, бирок жүрөгүңө төп келбей жатса, жүрөгүңдү тыңша. 9. Кандай болсоң, ошондой жүзүңдү көргөзгөндөн уялба. Рекламадагыдай сонун боло берип, тийгенден кийин чыныгы жүзүң ачылса, көпкө турбайсың ал үйдө. 10. Бакыт эле күтө бербей, бакытты бергенди да үйрөн. #жөнэлеойлор
2675   821
05.04.2020
Силерди билбейм, бирок бул жыл соңунда ноябрдын соңу, декабрдын башынан баштап болуп көрбөгөндөй катуу оорудум. Температура, какылдап жөтөлөм, демим кысылып, аба жетпей, астманыкы го деп, аерозоль колдонсом, аным жардам бербейт. Кара терге түшүп түнү мн отурам. Балам да ошентип ооруду. Кадимки грипп, бирок башкача грипп. Өмүрүмдө андай болгон эмес. Бирок жогорку температура мн сериалда тартылып жүрө бердим. Тааныштарымдын көбү ошентти. Өмүрүмдө тамагым шишип көргөн эмес. Тамагым дулайдай шишийт. Үйдөгү арбидолду көрүп эстеп кеттим. Балким декабрда мутация боло элек кезинде ооруп алгандырбыз деп коем. Эгер ошондой болсо, грипп деп эле айыгабыз деп чыгып кетсек керек. Ал өлүм мн коштолооорун билгенде паникадан эле өлүп калсак керек ээ? Декабрь - январь жаттым анан төшөктө. Жаңы жылга турбай калдым. Иши кылса, эстен кеткис грипп болду. Оор формасы мн мынча ооруган эмесмин. Капельница, укол алып аттым. Кулагым кошо укпай калган. Силер анткен жоксуңарбы?
4683   192
03.04.2020
"Сен менин оюмдагыдай бол!"- урушутун ана башы. Эрди - катын, ата - эне, тууган - урук ж.б. арасындагы уруш ушул сөздөн башталат. "Кечирип кой ошенте албайт экенмин да! " деген эч ким жок. Эмнеге бирөө сенини оюңдагыдай болуш керек? Менин түзүп койгон идеалдуу, төрт тарабы төп келген калыбыма бирөө түшүш керек? Элестет, тегерегимдегинин баары мен каалагандай боло берсе, жашоонун кызыгы, түздөнүү, аракет кылуу, кемчилик оңдоо, өзүңдүн үстүңөн иштөө жок болмок. Бизге "Бирөөнү кемчилиги мн кабыл ал. Кандай болсо, ошондой сүй!" деген нерсени үйрөткөн эмес. Ошон үчүн балдарыбызды өзүбүз каалагандай, өзүбүздүн дүйнө таанымыбыз, билимибиз жеткендей өзгөртүп, жасап алганга аракет кылабыз. Күйөбүздү, же аялыбызды ошентебиз. Кээ бири чын эле башка бирөөнүн калыбына түздөнүп, өмүр бою башка адам бп жашайт. Ошентсе да жакпайт. "Мен өзүңдү өзүңдөй кабыл алам. Эч нерсеңди өзгөрткүм келбейт! Кудайым, ааай, сени Кудай эргүүсү келип атканда жасаган окшойт,ээ?" деген бирөө болсо ээ?))) Тилекке каршы, жүрөккө зак сала турган бир гана жакындарыбыз боло алат. Сөзүңөр мн мамилеңер мн кескилеп, бычактабагыла! Алгач руханий өлтүрөсүңөр, анан физикалык жактан өлтүрөсүңөр! Жөн эле кандай болсок, ошондой эле кабыл алып, сүйгүлөчү, же сүйөлүчү?♥ #жөнэлеойлор
8099   268
03.04.2020
Эмнеге биздин улуулар эрте эле карып, жашоолоруна чекит коюп коюшат? "Карыдык да", "Жаш өттү", "Балдар эмне дейт?", "Карыганда калжаңдап..." Карьерасы, жеке жашоосу баары токтойт. "Небере багыш керек" мн чектелишет. Жашоолору "скучно " болуп кеткенде келин - кесек, уул - баланы эрмектемей. Элестет, апаңдын, же атаңдын көңүлүнө жаккан, сонун иши болсо, карыганда сүйүүсүнө жолукса, көңүлү куунак, бакытка тунуп турса, анын бактысын кызганат белеңиз? Жок, албетте! Андан өтүп бактылуу болбойсуңбу! Чет өлкөдө пенсиядан кийин гана жашоо башталат. Өзүн карашат, саякатташат, университетке тапшырышат, карьера кылышат, турмуш курушат. Адамда мотивация, максат болгондо жашагысы келет. Жашарат. Биз - балдар аларга болуп көрбөгөндөй колдоо көрсөтүп, алардын кыялдарынын ишке ашышына, өз алдынча болушуна көмөк көрсөтүшүбүз керек. "Мен балдарымдын төрүндө отурам" дешет да, көрүнө кантип кирип кеткенин байкабай калышат. Жашоо - кыймыл! Кыймылдагыла, жашагыла, өзүңөрдү өнүктүргүлө, ырахатыңар үчүн иштегиле, дүйнөнү көргүлө, эс алгыла. Бул деген керемет да! #жөнэлеойлор