Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
6465   465
27.03.2020
Даниель Ажиев - коомдун күзгүсү (зеркало!) ал. Коомдун арасында андай Даниелдер өтө көп! Бала чагында сүйүү көрбөгөн, төпөш жеп калган, басынып калган, көп нерсеге жетпей кордук көргөн бала чоңойгондо ушундай болуп калат. Комплекси мн чоңоет. "МЕН " деп анан төш кагып, ичиндеги мендигин элдин баарына көргөзүүнү каалайт. Өзүн эч киммин деп чоңойгон, "невидимка" ордуна койгон бала баарына көрүнгүсү келет." Мени кыйын бала экен" деп ойлошсун, "Мени көрүшсүн!Жогорку баа беришсин. Эсептешсин" дейт. Анткени аны эч ким көргөн эмес убагында, басынтышкан. Бөтөнү эмес өзүн өзү да көргөн эмес. Көпчүлүгүбүз эле ошондой чоңойгомбуз. Бирок ар бирибиздин формабыз ар кандай. Эмнеге дүнүйө чогултабыз? Машинабызды мактанабыз? Кредит алып душман көзүнө көрүнөбүз? Балдарды таштап коюп , жаныбызды тишибизге тагып алып, чуркап акча чогултабыз, эки этаж үйлөрдү курабыз? Өзүбүз үчүнбү? Анан аны "Эл көзүнө", "Душман көзүнө" "Эл эмне дейт" деп атайбыз! Демек, өзүбүз үчүн эмес эл үчүн турбайбы! Баарыбызда "Элге жагынуу", "Эл мен жөнүндө жакшы ойлонуп калсын" комплекси ар бирибизде жашайт! Андай эмеспи? Балким ичибиздегини тырмап койсо, андан өткөн жиндилигибизди көрсөтөттүрбүз? Карантинде жөн эле жатпай, анда - санда күзгүдөн каранып деле жаталы, туугандар. Асмандан түшсөк дагы! #жөнэлеойлор P.s. текстти түшүнүп окуңуздар. Баланы мактаган да сөккөн да жокмун. Баарыбыз ошо баладай эле комплекси бар, оорукчан адамбыз. Биз да эл эмне дейт деп жашайбыз. Кайрымдуулукту өзүнө болгон бааны көтөрүш үчүн жасады. Жакшыбы, жаманбы, ким үчүн жасаса да жасады.
6465  
05.01.2020
"Атыңызды ким дедиңиз?" 1. Көзүндө кабыландын карашы жаткандар, айбаты арстандай барлар, руху - духу күчтүү, намыска бектер, атыңызды ким дедиңиз? 2. Буттан жаңылса жаңылгандыр, бирок ооздон жаңылбайт. Сөз - ок. Бир жолу чыктыбы, кайра кайтарылбайт. Айттыңбы, аткар дегендер, ананайындар, бар болгула! 3. Оңой мн жаңжал чыгарбайт бирок жеткен чегине жеткиргенде тумшукту түздөй койгондор (аялдыкын эмес албетте) , анча - мынча селпектегендерден "жалпак жөжө" жасаганды билгендер, таанышып алсак болобу? 4. Сүйлөгөндө орундуу сүйлөп, жаагың талып, макияжың агып калгыча тамашанын калемпирин чыгаргандар, кайдасыңар, каражандар? 5. Орусча - кыргызча ж.б. тилде сабаттуу жазып, кайсы гана жааттан суроо бербе жообу даяр болгон акылдуулар, акылыңардан чимирилели! 6. Аялдын сезими мн эсептешип, кирпигибизден кайсы шубаны каалап, ичибизден эмне деп тибиреп атканыбызды окуп, көзүбүздүн агы мн кошо айлана алгандар, романтикага бөлөп, көңүлүбүздү көтөрүү үчүн чуркагандар....ийййий өлүп эле кетебиз го! 7. Чөнтөгүнөн чыгарган сайын чыгып эле, балпалактап турган жоомарттар, кайсы жолдуулар мн жүрдүңөр экен??? 8. Эмгекти сүйүп, өсүштү билип, өзүнүн үстүнөн иштеп, тубаса лидер сапаты барлар, саныңар көбөйсүн! 9. Аял дегенде аяр карап, бирди сүйсө, миңин чанып, бирөө үчүн өмүрүн бергендер, однолюб байкелер, каяктасыңар? Кызыл китептеби? 10. Караңгыда жол таап, капилеттен сөз таап, даанышмандыгы , акылмандыгы, көкүрөгү көзүнөн мурун көргөндөр, жомоктон жөө чыксаңар да, келгилечи жашообузга! P.s.Кыздар, табиттергилерди туура эле жазыптырмынбы? Эмдигиде табиттен сырткары чыгып кеткендерди жазам. Тоюс, жазылуу батпай калды. #жөнэлеойлор
6441   262
28.04.2020
Көзүмдү жумуп, - Назира, кандайсың? - дейм. Назира жакшы экенинен кабар берет. Тынчтык бар. Санаа, кайгыруу, кыжалат жок. Ойлонгум да келген жок. Күн орозого карабай, укмуштуудай тез өтүп жатат. Карантин узардыбы, кыскардыбы эмнегедир маанилүү эмес. Көнүп алдым окшойт. " Бир орунда отура албасаң керек?" дешет. Отурмак түгүл, чыккым келбейт. Санаа тартып, күн санаган да жокмун. Балким, үйрөнө албай жүргөн сабыр эми келгендир деп ойлоп коем. "Карантин бүтсө, жашоону эмнеден баштайм?" деген суроо кылт эте түшөт анда - санда. Кайра кетенчиктеп келечекке чуркагандан баш тартам. Ал баракты дароо жабам. Далактап, шашып, кыжалат болуп, куюндай куюлуп, жан дүйнөм бушайман жүрчү. Бир орунда, өзүм мн өзүм калгандан коркор элем. Элге сүңгүп кетчүмүн. Өзгөрдүм. Амбиция, көрүнгөн долбоорду чапчуу - ал учурда өзүмөн качуу, көкүрөктү өйүткөн нерседен жашынуу болгон окшобойбу? Көптөн бери эч кимден сүйүү тиленбей да калыптырмын. Көкүрөгүм чөл болуп, тамчы сүйүүгө, көңүлгө зар бп турар элем. Ал да жок. Жашоо тунуп турат. Тынчтык менен жекеме жеке, көзмө көз. Кыжы - кужу болуп, мазамды келтирген ойлор да акыркы убак көрүнбөйт. Алар мн алышып атып, чарчап калаар элем. "Сен жылмайганда мага дем келет"деген уулума кайра - кайра жылмаям. Уулумдун келечегин ойлоп кыжалат болгон ойлордун да карааны алыстады. Жараткан жана мен. Башка эч ким көрүнбөйт... #жөнэлеойлор
6438   121
01.12.2019
Илгери интернет жок далай айыптар айран болуп төгүлбөй калгандыр ээ? Болбосо, уят, ыйман, намысты эң көп кыйкырган улуу муундун ар кыл окуяларын угуп, төбө чачың тик турат. Улуу муун мн көп сүйлөшөм. Алардын дүйнөсү, жаштыгы, көз карашы, баскан изи кызыктырат. Эң интригага жакыны , бут тоскон жагынан мыктысы да улуу муун экен байкасам. Жаштар интрига мн иши жок. Биз психологияны, эзотериканы, өзүн өзү өнүктүрүүнү окуп, карма, бумерангдарды жакшы түшүнгөнүбүз үчүн, ар бир кылыгыбыз кайсы комплекстен келип чыгып атканын, кайсы сезим кандай таасирин тийгизерин билгенибиз үчүн жазганып тураттырбыз. Бул менин жеке тереземен баш баккан көз караш. Азыр интернет булактары активдүү болгону үчүн жел чыкса деле шамаал болгондой көрүнүп, кыбыр эткенибиз кырды ашкандай эле болуп жатат. "Азыркы жаштар ал эле бул эле, апийимдин гүлү эле" дээрден мурун жаштыгыңарга бир кылчайыңыздар. Улуу муундун, залкарлардын, баатырлардын жашоосун, таржымалын, өмүр баянын окусаң эле бири бирине көр казып, көтөрүп чапмайлары, ириген интригалары айтылат. Интригасы күч улуу муун качан гана бийликтен кетип, таза кандар киргенде көп нерсе өзгөрүлөт, оңолот. Улуу муундан күткөнүбүз көч башында туруп, көрөгөчтүк, даанышмандык касиеттериңерди иштетип, тажрыйбаңардан чыккан кеңешиңерди берип, каны кайнап, иштегенге иши, тиштегенге тиши турган жаштарга жол бошотуп, колдоо кылып турсаңар, керемет эмей эмне?! Тең тайлашып, талашып, чалып, ушагыңарга малып атсаңар, сыйды кантип күтүүгө мүмкүн болот?! Улуулар улуулугун билгенде кичүүлөр кичүүлүгүн кылат. Улуулукту күткөн кичүүлөрдү айып этпеңиздер, улуулар! #жөнэлеойлор
Загрузка...
6268  
03.01.2020
Мен жөнүндө... 1. Көп сүйлөгөн кишини сүйбөйм. Мээм чарчап кетет. 2. Жашоодо аз сүйлөйм, көп тыңдайм. Анткени эфирге, сахнага, жазганга маалымат чогултам. 3. Өзүмдөгү жаман көргөн сапатым - көп ойлоном. Ой чарчатып жиберет. 1 секунд жалгыз таштап койсоң, ойдун түбүнө чөгүп кетем. 4. "Алтын ортону" табыш кыйын мага. Бир нерсе жасоодо, жашоодо, сүйүүдө, ишимде ж.б. өтө берилем же такыр таштап коем. 5. Көңүлүм сүйбөсө, бок таяк мн куусаң да жасабайм. Купулума толгон ишти гана жасайм. Көңүлүм сүйгөн адам мн гана баарлашам. 6. Өтө ачыкмын. Көңүлүмө сактабайм. Баары сыртта. Оюмду ичке эмес сыртка төгөм. 7. Коркокмун. Сыртыман желмогуз көрүнгөнүм менен жүрөктө суу жок. 8. Маалымат жашырышым мүмкүн бирок бурмалап, кооздоп, калп айтуу жок. Апаң мугалим болсо, ошондой тарбия аласың. Балачагымда апамдын уруксааты жок сумкасынан калем алганым үчүн анан калпыман кармалганым үчүн өлө төпөш жегем. Алигиче эсимде. 9. Адамдын көзүн терең тиктеген жагат. Бетиндеги бет кабын чечип, жан дүйнөсүн жылаңачтаган жалгыз гана көз. 10. Өтө сүрдүүсүң дешет. Менимче жөн эле ороймун. 11. Өлө тамак соомун. Свиданиеге чакырса барбайм бирок тамакка чакырса, аттап - буттап жөнөйм. "Обедке" эле барам. Анткени ужинге чакыргандардын ою анча деле эмес экенин билем.
6256  
10.02.2020
Биринчи класстын босогосун аттаган балам, - "Бул эмне болгон СССР? Жаңыча көз караш, жаңы методика жокпу? "Түз отур", "Баспа" "Турба"деген кысымдар жаккан жок. Мен кааласам, жатып алып окугум келет!"деп келген. Уулумду эрежеге тыгыш үчүн аябай эле кыйнаптырмын! Алгачкы мугалими аябай ката жазат экен. Көрүп алып атасы экөөбүз шок болуп, завучка кирсек, - Кабатырланбаңыз, биз диктант жазып атабыз!" дегенде билим жааты кайсы деңгээлде экенин түшүнгөнбүз. Күнү - түнү аз айлыкка албетте эч ким иштегиси келбейт. Билимдүүнүн баары качып кеткен анткени. Мектептен мектеп котордук. Көңүлгө сыйган эч нерсе жок. Өткөндө бир коуч, тренер мырза мн сүйлөшүп калдык. Ал жалаң чет өлкөдө окуп, жашап жүргөн кыргыз жараны. Балдарын мектептен чыгарып алып, баласынын таланты оогон, көңүлү келген курстарда окутат экен. Мектеп, университеттин кажети канча деди? Ойлонсом, аттестатым менен дипломумдун деле жардамы тийбептир. 15 жыл сахнадамын. Бирөө да сурабаптыр. 5 жыл Университетте окуп, тил үйрөндүм. Аны курска барып, окуп койсом болот беле? Алып баруучулук, журналистика, актердук жааттын окуусун бүтүргөн жокмун, бирок токочумду талантымдын арты мн таап деп атам. "Балаңыз окубайт. Балаңызды текшертип көрүңүз. Өөрчүсү артта калган окшойт" деп бир эмес үч мугалим айтты. Сабагынын баары "2". Айлам кетип эларалык психологиялык борборго алып бардым. Атайы куралдары, тесттери бар экен. Тесттен өттү. Мээси өөрчүбөй жатат окшойт дегендерди таң калтырып İQ су бийик чыкты. Башкача айтканда өтө эле ашып кетиптир. Үйдөн химия, физика темасын, Эйнштейнди сүйлөйт болбосо. Менин мээм жетпеген суроолорду берет. "Програмирование, робототехниканы эле үйрөт. Убактым текке кетип атат сабактар мн . Заман, технология өзгөрүп, өөрчүп атса, калем мн кагазга жазганды үйрөтүп атасыңар! "дейт балам. Чын да! Кымбат мектепке котордум. Жыйынтык баягы эле. Баягы өзгөрбөгөн баалар. Заманга ылайык мен муну кантип тарбиялап, кантип окутуп, кантип киши кылам ошондо? Өзү каалаган кружокторго алып барамбы? Программированиеге жол ачып беремби? Жумасына эки жолу баруу жетишсиз бп атат. Эмне кылам? Мектеп, окуу системасы жакпай жатат. Чынын айтайын. Бир нерсе өзгөртүш кк болуп атат. #жөнэлеойло
6249  
12.01.2020
Сүйгөнгө, жашаганга башка дагы жашообуз болчудай, бул жашообузда жөн эле репетиция кылып, көп нерсени эртеңкиге калтырып, түйшүк оронүп, түмөн ойдун түбүндө жашайбыз ээ? Биз кыргыздар материалдык байлык чогултуп, эл көзүнө бардар көрүнүш үчүн чабалап атып эле өлүп калат экенбиз. Сырткы дүйнө үчүн болгон күчүбүздү, көңүлүбүздү коротобуз. Ички дүйнө бопбош, кедей бойдон өтөт экен. Жыл сайын план түзүп жашаган жаным былтыр өзүмдү шар аккан жашоонун шарданына ыргытып жибергем. Тагдырым, жашоом, эртеңимдин ээси Жаратканым болсун дедим. Быйыл дагы план түзгөн жокмун. Өлүмдүн алдында турганда көзүмдү жумуп баратып, элесимде сонун ырахаттуу күндөрүм калсын. Ар бир күнүмдү акыркы күндөй, даамын татып, көкүрөк толо моокум кангыча ырахаттанып жашагым бар. Кейип, тытынып, там салып, бирөө үчүн жашап жүрүп өткүм жок. Аркы дүйнөгө акылыңа сыйган каткырык, шаң, жыргал, боорукерлик, мээрим толгон элестер мн кетсең, сонун эмеспи ээ? Ошон үчүн планда өзүмдү тарбиялоо, ден соолук чыңдоо, элге жакшылык жасоо, саякаттоо, өзүмө жаңы эмоцияларды тартуулоо, дегеним велосипед тепкенди, лыжа, коньки тепкенди үйрөнүү, парапланда, желим шар мн учуу, парашюттан секирүү, китеп окуу, жакшы адамдарды курчоо, улуулук тууралуу маектешүү, жашоону, өзүмдү, бирөөнү сүйүү, кечире билүү, кечирүү, көңүлүмдү, жан дүйнөмдү тазалоо, жакшы көргөн ишимди ырахаттанып жасоо, көбүрөөк каткыруу, ар бир мүнөтүмө шүгүр кылуу, Жаратканга дагы жакындоо, спорт менен машыгуу, керексиз ойду, сананы токтотуу, жакындарым менен көбүрөөк чогуу болуу сындуу нерселер бар. Жазып атып, өзүмө өзүм шыктанып, суктанып, тамшанып кеттим да, чиркиндики! Руханий байлык болсун. Материалдык өзү эле алдыңа тоголонуп келет. Жөнөкөйлүк менен адамгерчиликтен айтса экен Кудай. #жөнэлеойлор
6240  
27.09.2019
Канчалык башыбызды чокмор менен кандап, көрсөтүп жатса деле мурунку түшкөн аңга түшө берет экенбиз. Себеп? 2020 - жылы эски саясатчыларга шайлабайм. Эгемендүүлүктөн баштап парламентте отургандар, бетиңер кызарсын. Жеп аткан ашыңар кокоңордон өтө албай атып өтүшү керек. Элди карай турган жүзүңөр жер карап туруусу керек негизи.. Ушул аңга жетелеген эскилер. Уялбай, кызыктуу жомогун айтып, жаңы шайлоого эч нерсе болбогондой келерсиңер.. Азыркы саясый абал кокосуна жетип, жаңы жол ача турчу курсагы дагы, көңүлү дагы ток мыктылар, билимдүүлөр, отличниктер, китеп бетин окуй ала тургандар, сабаттуу жазгандар, орундуу сүйлөгөндөр, мыйзамды окугандар, түшүнгөндөр, мыйзамдын түшүн жоруй тургандар, эң башкысы күпүлдөп сөзү менен эмес, иши мн мактоолорго арзый тургандар келер! Азыркы саясый абал ирээнжитип туру... элдин сабырын сынабай тургула! Толкуса, өпкөңөрдү үзө толкуйт! Акыйкатсыздык ашып баратат.. #илгериүмүт
6225  
04.01.2020
Аял жалгыз жүргөндө жолборс. Алдуу, күчтүү, өзүнө өзү жооп берип, бутунда турат. Сүрүнөн көбү айбыгат. Эркектин энергиясынан , көзүнөн, сүйлөгөн сөзүнөн, манерасынан карап туруп эле портрет түзүп коет. Өзүнөн алсыз экенин сезсе, баш бербейт. Жолборс бойдон калат. Жанына жуутпайт. Кыйшактай турган болсо, чөөнү талап салап салгандай таландыда калат. Маңдайдагы эркек арстан экенин сезсе, акылдуу аял узун боюн пас кылып, бийик үнүн азайтып, баш берет, моюн сунат. Аста басып, аялдыгын, алсыздыгын көрсөтүп, жолборстон кичинекей мыйга айланат. Аял үстүндө турган күчтү жакшы көрөт. Камкордукта корулгусу келет. Тең тайлашкысы келгендер, күчтүү көрүнүп аткан аял жөн гана күчтүү эркегин жолуктура элек. Аялдын үнү өктөм чыгып жатса эгер, эркегини жүүнү бош. Эркеги эркектигин кыла албаганы үчүн ачлы эркек болуп атат деген түшүнүк жатат. Маажүрөө, жүдөгөн эркек көрсө, аялдын нерви кашая баштайт. Жолборсу ойгонот. Эрин башкарып алат. Анткени ага ишенбейт. Тукумун коруш керек болот. Төрөгүсү да келбейт. Күчтүү эркектин артында гана аял тукум улагысы келет. Аялга артис болуп күчтүү көрүнөм дебе. Биз аны акыл асты менен , көкүрөк мн сезип турабыз. Келген энергия канчалык күчтүү болсо, ошончолук аял - жибек! Кара күч, рухуңарды күчү, моралдык күч, көк жалдык, алтургай чөнтөктүн да күчү мааниге эгедер! Күчтүү эркек бар үчүн аял алсыз, назик, бактылуу. #жөнэлеойлор
6223   223
23.05.2020
"Энесинен бөлөк өппөгөнү болсун" дешет. Эмнеге деп атканын деле, түпкүлүгүн түшүнүшпөйт. Аларды кулагына куюлган. Ошол туура деп айтышкан. Жылдан жылга уланып келе жаткан салт, адат. Аруу, таза, куулукту - шумдукту билбегендерге үйлөнүшөт. Аны анан музей кылып үйгө сактап коюшат. Ал төрөгөнгө, үй оокатын кылганга, баш ийдиргенге аябай ыңгайлуу. Кези келсе, үндү өктөм чыгарып, кичине жүрөк үшүн алып коюп турганга да жакшы. Бирок алардын көзү шойкомдуу, комплекси жок, төшөктө укмуш оюн кура алган, шарактаган аялдарда болот. Төшөгүн чанып кете албай, далайы торго түшөт. Миң мойнубузга алгыбыз келбегени мн кумар көп нерсени чечет окшобойбу?! Эки адамдын сүйлөшө келсе сөзү, оюнга батса кызыгы тарабаса эле мамилеси узун сүрөрүн байкадым. Кээде илгертеден келе жаткан эрежелерди буза албай, далайларынын тагдыры сынат. Башка көздөр мн сөздөргө сынып калбаш үчүн каалоосунан баш тартат. Кызды кырк үйдөн тыйып атып төшөк уят, жаман, күнөө нерсе деген түшүнүктү катуу киргизип коюшат. Ал тургай эринин койнунда жатканда да коркуп, уялып, кысынып жатат. Ал нерсе мн мырзаларды кармап калыш кыйын. Ал сөзсүз сырттан жыргалын издейт. Ырахат алгандан, тартуулагандан тартынбаш керек. Үй бүлөнүн бекемдигине бул нерсенин эң эле чоң салымы бар! #жөнэлеойлор