7411
21.10.2019
Апам "Кыздын бактысын көп тилейбиз, бирок уулдукун эмнегедир бейкапар алабыз. Уулдун да бактысы болот. Жакшы жубай жолукса экен деп тилеп туруш керек",- деп көп айтат. Ар бир жазган постумда аялдардын, кыздардын таламын талашам. Анткени дүйнөлөрү мага тааныш. " Биздикин качан талашасың?" дейт айрым мырзалар. Мен тамашалап, - Аябай кордук көрүп атасыңарбы?- дейм. ) Талашайын дейм. Тилим кыска. Бирөөнүн кыйраткан жубайы болсом, дитим бармак, тилим өтмөк. Ошентсе да, бир турмуштун көргөн келин катары жана ага - инидердин арманын жууруп отуруп бул эрежелер чыкты:
1. Эркек намыскөй келет. Намысын чукуп, басынтпа. Анткен сайын эркек чүнчүйт. Адарга мактоо жарашат. Бир мык түз кагып койсо, мактап койсоң, дардактап, экинчи мыкты каккысы келип калат.
2. Эриң иштен келгенде, кабак - кашың бүркөлүп турса, качкысы келет. "Кайда жүрөсүң??" суроосунун ордуна тилиңди тишиңдин артына катып туруп, тамагын бер. Алардын курсагы тойгондо сүйлөгүсү келип калат. Анан баардык сурооңо, жооп тапсаң болот
3. Ал ачууланып, ашатып атканда унчукпай кутул. Отко май чачпа. Жини тараганда, маанайы беште бултукта - тултукта, эркеле! Любой жеринен чыгара бер.
4. Эркектин эң жек көргөнү анын телефонун чукулаганың. Телефону анын дүйнөсү. Жеке дүйнөсү! Өтө эле көзөмөлгө алып, телефонун башыңа кийе берсең, аны урматтабаганың, ишенбегениң.
5. Кызганыч! Сонун мамилеге жарака кетирет. Өзүнө ишенбеген, өзүн сыйлабаган, комплекси бар адам гана кызганат. Өзүнүн мыкты, алмаштыргыс экенин билген адамдын жан дүйнөсү тынч.
6. Эркектин кийими - аялдын тың же тың эмес экенин көргөзөт. Бырышып - тырышып турса, сөз түз эле сизге тийет.
7. Элдин көзүнчө эркегин каккан аял - акылы жок аял. Өзүнүн акылсыз экенин гана көргөзөт. Тоо урап атса да, көйгөйүңдү үйдөн сүйлөш.
8. Эркек доңуз сындуу сиздин оюңузду жонунан билбейт, же көзү ачыктык, алтынчы сезими мн туюу сындуу сезимдери жок. Так, даана, ачык айт эмне каалап атканыңды. Намегуң балтайып турса да түшүнбөйт. Ошон үчүн: "Гүл берип тур", "Комплимент айтып койсоң болот", "Бүгүн башка бутум мн туруп алыптырмын урушкум келип атат". "Мен урушам сен чыдап тур. Эркелегим келип атат" ж.б. деп эле балтайта айт! Алар түшүнөт деп отура берсең, кылым алмашат.